Кыргызстан менен Индиянын саясый, экономикалык жана гуманитардык кызматташуусу жылдан жылга чыңдалууда. Анын бир далили катары “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте “Манас” жана Махатма Ганди” атындагы китепканасынын ачылгандыгы. Анын бет ачарына Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Димри баш болгон бир катар кызматкерлер, өкүлдөр катышты.
Индиянын маданий чөйрөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп,“Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти, чыгаан саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевге кайрылдык.
- Топчуке, биргелешкен китепкананын ачылышы кокустан болдубу же мында мыйзам ченемдүүлүк барбы?
- Биринчи айтарым, мыйзам ченемдүүлүк. Индиянын улуу эли, өзгөчө индоарийлер, алар бүгүн да Индиянын калкынын 72 пайызын түзөт. Кыргыз эли, арийлер - тээ байыркы теги бир элдер. Биздин улуттук рухубуз да жакын. Индоарийлер менен кыргыздар жайдары мүнөз, меймандос, жан дүйнөсү өзгөчө бай. Дүйнөгө Будда деген ат менен белгилүү болгон байыркы гений бабабыз Сидхартха Гаутама биздин заманга чейинки VI кылымда жалпы адамзатка тиешелүү дүйнөлүк үч диндин бирин түзгөн. Индоарийлер менен кыргыздардын жан дүйнөлөрүнүн жакындыгы буддизмден да көрүнүп турат. Христиан дининде убагында өтө жаман нерселер, өзгөчө инквизиция, миллиондогон адамдарды өмүрлөрүн алган жүз жылдарга созулган кресттик согуштар болгон. Инквизицияда дүйнөлүк илимий ачылыштарды жасаган гений окумуштууларды, өзгөчө сулуулуктары менен айрымаланган аялдарды тирүүлөй өрттөшкөн. Иса пайгамбардын он осуяты дайыма эле бекем сактала берген эмес.
Ислам динин жетектегендерде да баскынчылык, башка диндерге, көз караштарга келишпестик өтө көп болгон. Ислам-дүйнөдөгү гениалдуу үч диндин бири, бирок айрым лидерлери баскынчылык иштерди, башка диний ишенимдегилерди куугунтуктоолорду жүргүзүшкөндүгү чындык.
Диний философияда индоарийлер менен кыргыздардын дүйнөгө көз караштары өтө жакын.
Үчүнчү, өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, дүйнө элдеринин көпчүлүгү элдик оозеки чыгармачылыктын жогорку формасы - эпосторду жаратышкан. Бул жагынан да индоарийлер менен кыргыздар эң алдыда турат. Кыргыздар дүйнөдөгү эң чоң көлөмдөгү теңдешсиз гениалдуу “Манас” эпопеясын, индоарийлер “Махабхарата” менен “Рамаянаны”, “Ригведаны” жаратышкан. Алсак, “Манастын” Саякбай ата айткан варианты 500553 миң саптан ашык. “Махабхарата” 200 миң сап. Ал дүйнөлүк эпостордун арасында көлөмү жагынан экинчи орунда турат.
Мына ушул индоарийлер менен кыргыздардын эпикалык улуу чыгармаларынын ортосундагы окшоштуктарды, үндөштүктөрдү жана жалпылыктарды салыштырып изилдөө керек. Ушуга байланыштуу Индия элчилигинин башчысы Алок Димри өткөн жылы өз ыктыяры менен академияга келгенде “Манас” жана Махатма Ганди” аттуу илимий китепкана ачалы деп макулдашканбыз. Биздин биргелешкен илимий китепканабыз жогорудагыдай тарыхый, руханий мыйзам ченемдүүлүктөрдөн ачылды десек болот.
- Китепкананын ачылганы жакшы, мындан ары аны толуктоо, пайдалануу кандай болгону жатат?
- Китепкананы ачуу аземинде элчилик бизге англис, орус илдериндеги 300гө жакын китепти белек кылды. Алар негизинен Индия мамлекетинин тарыхы, этнографиясы, философиясы жана экономикасы, маданияты жөнүндөгү эмгектер. Аларды жогорку жайларынын аспиранттары, докторанттары, изилдөөчүлөрү келип пайдаланышса да болот. Биз менен түзүлгөн келишимге ылайык, китепкананы мезгил-мезгили менен Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жаңы адабияттар менен толуктап турат. Биз да мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче китепкананы байытууга аракеттенебиз.
- Мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кандай чаралар көрүлмөкчү?
- Буйруса, быйыл биз академиянын базасында магистратура, аспирантура жана докторантура ачабыз. Алардын арасында индоарийлердин, кыргыздардын улуу эпикалык мурастарын салыштырмалуу түрдө изилдөөчүлөр, аны менен бирге жалпы эле маданиятын, адабиятын изилдеп, иликтөөчүлөр болоруна ишенебиз. Элчилик ошол эле мезгилде индиялык жаш окумуштуулардын арасында кыргыздын эпикалык чыгармаларын, адабиятын жана маданиятын изилдөөчүлөрдү колдоого аларын билдирди. Же индораийлер менен кыргыздардын руханий дөөлөттөрү салыштырылып изилденип, алардын негизинде диссертациялар жакталат, илимий эмгектер жаралат деп ишенебиз.
- Бизде индиялыктардын тилдерин билген адистер жокко эсе. Бул жагы кандай болот?
- Биздин өтүнүчүбүзгө ылайык, Индиянын Мамлекеттик тилдер боюнча комиссиясы биздин академиядан эки адамды санскрит тилине бекер окутуу жөнүндө чечим кабыл алыптыр. Алар бизде санскрит тили боюнча курс ачып, аны окутуучу менен камсыз кылганы да жатышат. Андан сырткары Индиянын Вабранаси деген шаарындагы университетте санскрит тили боюнча факультет бар экен, анда да биздин Академиядан эки адамды акысыз окутууну чечиптир.
Биз Индиянын элчиси менен жолугушууда Кыргызстанда Индиянын руханий дөөлөттөрүн, ал эми Индияда кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын салыштырмалуу изилдөө иштерин, гуманитардык байланыштарды жандандыруу маселелерин талкуулап, бир пикирге келдик. Буйруса, алар ырааты менен ишке аша баштайт.“Манас” жана Ч.Айтматов академиясында “Манас” жана Махатма Ганди” китепканасынын ачылышы мына ошо келечектүү иштердин карлыгачы болуп калмакчы.
Мен өзгөчө Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Димриге ыраазымын. Ал өз ыктыяры менен бизге келип, жакшы демилгелерди көтөрдү, эң пайдалуу долбоорлорду сунуштады. Эгерде пандемия болбосо, китепкана эбак эле ачылмак, калган иштер да илгерилемек. Буйруса,бизден тийиштүү жетекчилер Индиянын Вабранаси шаарындагы университеттин санскрит факультетинин иштери менен жеринде таанышып келишет. Элчиликтен бизге ошондой сунуш түштү. Элчи ушул жайда кыргыздын жана Индиянын улуу эпикалык чыгармаларын изилдөө боюнча эл аралык чоң илимий конференция өткөрүүнү да сунуш кылды. Биз аны колдодук, алгачкы даярдык көрүү иштери башталды.
- Элдин көпчүлүгүнүн Индия жөнүндө түшүнүгү кинофильмдер менен эле чектелет. Азыр дүйнөдө Индия саясый, экономикалык жана гуманитардык жактан ээлеген орду кандай?
- Адистердин жыйынтыктары боюнча, ХХ кылым АКШ менен мурдагы Союздун кылымы болсо, ХХI кылым Кытай менен Индиянын доору болот.Чындыгында Индия дүйнөдө биринчи болуп динамикалуу өнүгүп, инновациялык технологиялардагы үлүшү күн санап өсүп жаткан өлкө. Азыр дүйнөдөгү окумуштуулардын үчтөн экиси Индияда. Фармакология, нанотехнология, маалыматтык технология ж.б. боюнча Индия дүйнөдө эң алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Индоарийлердин дүйнөлүк философияны, адабиятты, илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы эбегейсиз. Индиарийлерде ондон ашык философиялык система болсо, алардын көпчүлүгү биздин заманга чейинки Х-IХ кылымдарда калыптанган.Ал философиялык системалардын бардыгы зомбулукка, тирүүлөргө зыян келтирүүгө каршы турган дүйнөдөгү эң гумандуу дүйнө таанымдардан. Аны улантуучу Махатма Ганди АКШдагы социологиялык сурап билүүдө ХХ кылымдагы эң улуу адам деп табылган. Индоарийлердин дүйнөтаанымдары азыр дүйнөгө кеңири жайылууда, цивилдүү коомдор аны өздөштүрүп, күндөлүк турмуштук нормага айландырууга аракет кылууда. Дүйнөлүк тарых боюнча Джавархарлал Нерунун үч томдугундай жөнөкөй, бирок бардык адамдарга түшүнүктүү, ошол эле мезгилде эң жогорку интеллектуалдуу деңгээлдеги эмгегиндей изилдөө жок. Дүйнөлүк адабиятты Рабиндранат Тагорсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Биз үчүн индоарийлер деген улуу дүйнөнүн көшөгөсүнүн көп жагы жабык бойдон турат, аны ар кимибиз акыбалыбыз жетишинче ачышыбыз керек. Ансыз ХХI кылымдын окумал жараны болууга мүмкүн эмес.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити