Балага, элге, жер-сууларга жакшы ниет менен таалимдүү ат (ысым) ыроолоо - ата-бабаларыбыздын эзелтен келаткан улуу жөрөлгөсү. Жер-суу аттары, ысымдар - ырыс,  кут! Ал - руханий  таяныч, дем-күч  берген таалим-аура. Аталыш - бул символ, бул - тарых! Тарыхый чындыктын, ынанымдардын сырыккан туундусу. “Кыргыз”, “Манас”,   “Ала-Тоо”, “Бишкек”,  “Баткен”, “Ысык-Көл”,  “Теңир-Тоо”,  “Жалал-Абад”, “Алай”, “Ош пирим”,  “Ак-Буура”, “Кошой-Коргон”  деген улуу аталыштарда не деген керемет  таалимгерлик кудуреттер, не деген философия, көөнө тарых жатат!

Ар бир инсандын ушул тарыхый ыйык аталыштардын ичинде ӨЗҮНҮН да бар экендигин  сезип-туюусу кандай гана ыракат!... Кандай гана сыймык, бакыт!...

Өзгөчө жер-сууларга коюлган аттардын этимологиясы - өзүнчө эле кызык тарых. Айтылуу Арсланбаб жаңгак токоюнун аталышын кадимки Искендер Зулкарнайнга жаңгак жүктөп барып, Улуу колбашчы менен кыргыздардын ортосунда элчилик кызмат өтөгөн Айым аттуу акылман жана чечен келиндин уулу Арсландын аты менен  байланыштырышат.  Жаңгактын шарапаты менен тынч калган кыргыздар кийин Арслан бабанын жетекчилиги  менен жаңгак токоюн кеңейтишип, аймак Арсланбаб (Арслан баба) аталып калган дешет.  Ал эми Ноокатта Кыргыз-Ата аттуу  айыл бар.  “Мен Кыргызстандын булуң-бурчтарынан  бир да “Кыргыз-Ата” деген аталыштагы жерди көрбөдүм. Кыргыздар көрүнгөн эле жерди  “АТА” дей беришпеген. Балким, бул жер түп КЫРГЫЗ АТАБЫЗДЫН киндик каны  тамган отонудур”,- дейт белгилүү жазуучу, акын жана коомдук ишмер К.Бобулов.  Мындан тышкары  жер-суу, аймактардын аталышында анын негизги байлыгы, жайгашуу  абалы, өзгөчө рельефи, түс-турпаты, көлөмү да мааниге ээ болгону талашсыз (мисалы, Коңур-Дөбө, Балыкчы, Өрүктү, Жылуу-Суу, Марказ, Көк-Жайык, Үч-Эмчек, Төө-Ашуу  ж.б.).  Ошондой эле айрым  инсандардын өзгөчө эмгеги жана кесиптик даңазасы аркылуу  аталып  жүргөн жерлер да  бар (Жалал-Абад, Кемпир-Абад, Асанбай, Сафед-Булан, Шералы ж.б.)

Канткенде да жер-суу, аймактардын аталыштарынын түпкүрүндө тарыхый негиз, чындык  жатат. Бул аталыштар - чындыктын тараза-элегинен өткөрүлүп отурулуп, эл жараткан табериктер. Ар бир аталыш, туулган жердин ар бир ою, кыры, айылы – Ата Мекен.  “Ата  Мекен деген эмне?” - деген суроого: “Баланын жан дүйнөсү калыптанган чөйрө, алар көз ачып көргөн жер, суу, табият.  Булар - элдик тарбиянын улуу, күчтүү  факторлору,  патриотизмдин негизи”,- дейт чуваш элинин улуу педагогу,  дүйнөлүк  этнопедагогиканын шаасы Г.Н.Волков (Хуначы).

“Ата Мекен дегенде алгач Шекер айылым, ...анан уч-кыйырсыз аалам элестелет”,- дейт  залкар жазуучу Чынгыз Айтматов.

Ушундай таалимгерлик кудуретке ээ болгон аталыштар эч кандай кимдир бирөөлөрдүн  демилгеси, көрсөтмөсү, сунушу менен эмес, табыгый чындыктын туундусу катары эл ынанымынан жаралган. Эл эп көргөн. Мында куру даңаза куугандык жок. Дайыма элдик  нерселер туруктуу, түбөлүктүү болот. Ошондуктан да булар - түбөлүк тарыхтар. А  тарыхты бурмалоого болбойт эмеспи...

Бирок, кийинки мезгилдерде тарыхты бурмалоочулар, жер-суу, мекеме-ишкана, көчө-көйлөрдүн аталыштарына табыгый таризде эмес, зордукчулдук, тааныш-билишчилик, кожокөрсүнчүлүк, куру намыс менен  мамиле жасагандар арбып кетти. Анан дагы саясий  өңүт үстөмдүк кылган учурлар да бар.

Бардыгы орустардын оторчулугунан башталган. Керемет жергебиздин касиетин кетирип, ата-бабаларыбыздын каны-жаны, руху, тарыхы сиңген ыйык жерлерибизди оторчулукка алып, зордук кыстоо менен орус аталыштарына оодара башташкан. Натыйжада улуттук  колоритибизге доо кетирип, чалкештирип келаткан “Сосновка”, “Успеновка”,  “Антоновка”, “Петровка”  ж.у.с. ондогон орусча аталыштар бүгүнкү күндө да өчпөй келет.  Жер аты - бул  дух! Салыштырыңыздар: “Петровкага  баратам” деген  кыргызда кандай дух-сезим  болот да, “Таласка  баратам” деген  кыргызда кандай дух-сезим  болот! ...   Жогорудагылар го орусташтыруу иеологиясынан улам экен, эми өзүбүздө кандай болуп  жатат?...

Ушундай кудурет таалим-таасирге, руханий баалуулукка ээ болуп келген жер-суулардын,  аймактардын аталыштары бүгүнкү күндө зээн кийитерлик аянычтуу акыбалда десем  жанылышпаймын. Союздун мезгилиндеги куруу шаңдануучулук, куру фанатизм  идеялары, соцмелдештин бир жактуу азгыруучулуктары канында каныгып калган атуулдарыбыз дагы эле ал адаттан арыла албай келишет. “Куру намыс баш жарат” болуп,   “мен сенден  калбайм” деген менменсинүү көз караштар менен таттыктуу  таттыксыздыгына карабай ата-энелеринин, тууган-уруктарынын аттарын жарыша мектептерге, көчөлөргө, айылдарга коюу кеңири модага айланып калды. Өзгөчө  мектептер менен көчөлөрдүн, айылдардын аттары дээрлик өзгөрүп бүттү. Эшматов,  Ташматовдорго толуп  кетти. Мындайды: “Аты  бар да,  заты  жок”- деп коёт кадырман  элибиз. Кээ бирлерин ошол айылдын тургундары өздөрү да билишпейт. Ата-бабаларыбыздан аздектелип келинген сыйынт, таалимгер аталыштар ушундай утурумдук, жугумсуз аттарга алмашылып, өчүп баратат. Кимдин бала-чакасы чоңураак  кызматта  иштесе, капчыгы калың болсо бүттү...  Ал адам ким болуп, эмне кызмат көрсөткөнүнө  карабай, анын  аты коюлат. Элге  эмне, “Өңдү  көрсө,  жүз  таят”- дегендей, көрсөткөн  сыйына корстон боло кете беришет.

Эми  мунун  акыбетичи? Жан дүйнөң гана сыздайт! ... 

Мен бир мектептин аты 5 жыл талашка түшкөнүнө күбөмүн. Айылдагы белдүү эки  династия мектепке өз аталарынын атын ыйгарууга жанталаша аракеттеништи.  Мектептеги таасирдүү мугалимдерди, ата-энелерди  өздөрүнө  тартышты.  Мектеп  жамааты  келишпес эки лагерге бөлүндү да калды. Эми ушул мектепте кайсы  окуу-тарбия  иши  болсун? Көрүнгөн жерде чокушмай, чукулашмай...  Эми таттыктуу болуп, эл  бир добуштан ыкырарга келип муюшуп, колдошсо  го  мейли.  Бул  “оору” ошол мектепте  окушкан  балдарга да тарады. Тарыхтын  түпкүрүнөн сызылып  чыгып, айылдын  сыймыгына айланган тарыхый ат унутула баштады. Аны менен кошо эл-жер деген  мекенчилдик аруу сезимдер да тукулжурап мокоп, жамаатта  бири  бирине  болгон ичтен  кекенүүчүлүк жоюлбай  келет. Деги ушул  керек  беле?...

Дагы  бир  болгон кызык  окуя. Илгери колхоздо активсөрөй болуп жүрүп эс алууга  чыккан караталаш бирөө айыл өкмөтүнө барып,  өзүнүн атын бир көчөгө коюп берүүсүн  талап кылат. Жадаган өкмөт  башчысы акыры макулдашпай эле анын атын бир жаштар  көчөсүнө коюуга чечим токуйт. Жанагы караталаш дароо көрнөк жасатып,  орноттуруп  коёт. Эртеси жаалданган жаштар тополоңдоп алдырып  салышат. Чарчабаган неме эми  бирөөгө 1000 сом берип,  ал көрнөктү берки өйүздөгү 4-5 кожолук  жашаган чолок  көчөгө  көчүртөт. Эртеси  карашса, көрөнөк  көрүстөнгө  кетүүчү  жолго  коюлуп  калыптыр!   Бул  маскара окуя эмнеден кабар  берет?  Албетте, бул  жер-сууларга, көчө-көйлөргө,  мектептерге  ат коюу принцибинин одоно бузулганын, элдик  педагогиканын көрөңгөлүү  нускаларынын тайыздаганынан улам ак менен каранын чалкешип баратканын, улуттук идеологиянын бошоңдугун ишараттайт.

Ушундайлардан улам  “Атасы  коңуз атпагандын баласы доңуз атат”  болуп, балдары  тиригарак чыгып калган кечээги эле алкаш, катынпоз, кумарпоз, кылмышкер аталардын  аттары кичи ишканалардын, дүкөндөрдүн, ашканалардын үстүнө кооз ариптер менен балчайта жазылып  калганын  кантесиң? Жергиликтүү  бийлик, мамлекеттик  идеология, түрдүү комиссиялар каякты карап отурушат? Бул - бир  мисал  гана. Буга окшогондор  өлкөбүздө жүздөп,  миңдеп  саналат.  Анан дагы мекенчилдик сезимдер тайыздап баратат деп кейийбиз. Ким  күнөлүү?...

Эми эбин  тапкандарга айла  жок экен. Элсүйөр атуулдардын дапти менен тубаса атын  өзгөртө албаса, анда көңүлдү иренжитип кош ат  коюу адатын  таап  алышты, “Баланчаев  атындагы түкүнчө мектеби” деп. Ушу  кантип  болсун! Таасирдүү ат жандүйнөнү бир  жерге уютат эмеспи.  Мындачы?... 

Анан дагы улама ат коюу модага айланды. Бир эле көчөнүн башы бирөөнүн, ортосу дагы башка  бирөөнүн, аягы үчүнчү адамдын атына коюлганы анык маскарапоздук эмей  эмне?!

Ушинтип  мекеме-ишкана, мектеп, айыл, көчөлөр “Баланчаев” деп балчайта  жазылган  адам аттарына толуп кетти. 3-4  кожолук жашаган туюк  көчөлөр  да  калбады. Эмне, кийинки  таттыктуу инсандардын аттары ажатканаларга коюлабы?! (Жан  кашайганда  айтылган бул сөз үчүн кечирим сурайм).

Мен 50 жылга жакын  педагогикалык тажрыйбага ээ болгон инсан  катары, дегинкисин жер-сууларга, айыл-кыштактарга, мекеме-ишканаларга адам аттарынын  ыйгарылышына  караманча каршымын. Эми, улуттун улуу сыймыгына айлангандар болсо, мейли эле. Андайлар чанда эмеспи.

Макаланын башында жер-сууларга элдин табыгый тандоосу менен коюлган аттар  чындыктын туундусу, атуулдук  ыйык сезимдердин  оттугу, таалим-аура, таалим-уютку, таалим-символ  экендигине  токтолгон элек. Элдин  ыкырарысыз, кыстама, арбама жол  менен коюлган татыксыз аттар - тополоң-чырлардын, келишпестиктердин башаты. Алар элдин бирине жакса, миңине  жакпайт. Ичтен иренжүүнү, ырксыздыкты  жаратып, элдин  биримдигине доо кетирип келатат. Тарых  жараткан тубаса аттарды аздектейличи! Балчайта жазылган утурумдук  “баланчаевдерден” кутулалычы!...

Бул маселеге кайдыгер эмес, жигердүү атуулдар үн  кошушар дейм.

Жусуп Молдобаев -  элдик  мугалим, “Кыргыз Республикасынын билим  берүүсүнө  эмгек  сиңирген  кызматкер”,  “Манас-1000”   мааракелик  медалынын ээси, таланттуу кинорежиссёр  Нурбек  Эгендин  “Манастын”  төрөлүшүн  утурлап...” аттуу  даректүү  тасмасындагы мугалим-каарман ( Ноокат  району)        

Тел.  0778 64 36 56,  0700 86 14 14 ( ватсап бар)

Булак: “Майдан. kg” гезити