Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2774

"Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда, кыргыз тажик чек арасындагы абал кескин курчуду.  Тажик аскерлери Чоң -Алай тараптан кайрадан чек араны жарып өтүү аракетин жасаган. Тажикстан тараптан диверсиялык  аракеттер түнү бою токтогон жок.

Буга байланыштуу КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң- Алайга "Альфа" атайын бөлүгүн алып учуп кетти. Маалыматты расмий каналдар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок. Тактоо уланууда", - деген билдирүү калтырды Фейсбук тармагынын колдонуучусу. 

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып жатканы тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдаган. 

Анда айтылгандай, бүгүн саат 03.00дө Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге тажик тарап контейнер орнотуп баштаган. Ошондо, алар Кыргызстандын аймагына 1 миң метр киришкен. Саат 6да тажикстандыктар орнотулган контейнерден 600 метрден ары жылышкан.