Мамлекеттик ипотекалык насыялоону натыйжалуу кылуу үчүн бул багыттагы мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү бар. Бул тууралуу  депутат  билдирди. 

"Турак – жайды ипотекага алууда баштапкы төгүм 10%дан кем болбойт, - деп мыйзамда белгиленген жери бар. Азыркы сунушталып жаткан долбоордо ошол биринчи салымды жокко чыгаруу жагы каралып жатат. Бул маселени кароого алган Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди", - деди депутат.

Айтымында, ипотекалык шартта үй алуу кезегинде 15 миңдей адам турган болсо, алардын 4900ү гана үй алууга үлгүрдү. Дагы максатына жетип,  кыялым орундалса деген тилектегилери көп.

“Алдыдагы 6 жылда айрыкча жаш үй – бүлөлөрдү турак – жайлуу кылуу ишке ашат. Бул максатта 800 миңден ашуун чарчы метр турак – жай курулат. Мындай талап мамлекет башчысы С.Жапаровдун жакындагы кайрылуусунда да негизги программалык максаттардын бири катары белгиленгени жакшы жышаан”, - деп белгиледи эл өкүлү.