3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын сунушу менен “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, колдоо тапты.
Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар кирди:
Саматбек Ибраев (КСДП);
Максатбек Эгембердиев (КСДП);
Марлен Маматалиев (“Республика-Ата-Журт”);
Акыл Кемелов (“Республика-Ата-Журт”);
Султанбек Анарбаев (“Кыргызстан”);
Улугбек Садиков (“Кыргызстан”);
Уланбек Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”);
Мейкинбек Абдалиев (“Өнүгүү-Прогресс”);
Аманкул Токтомамбетов (“Бир Бол”);
Нурбек Мурашев (“Бир Бол”);
Бурул Аманова (“Ата-Мекен”);
Абдылдаев Шералы (“Ата-Мекен”).