Балбак Түлөбаев маршрутканын айдоочуларына видео кайрылуу жасап, бир канча убакыт мурда болгон сүйлөшүүнү эстерине салды. 

"Урматтуу айдоочулар, мен мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп турганымда сиздер менен жолугушкам, сүйлөшкөм, эсиңерде болсо керек. Ошондо, шаардык кеңеш шайланып келсе, май айында бул маселе каралып, жол кирени 15 сомго, мектеп окуучулары мене пенсионерлер үчүн 10 сомго көтөрүп берели дегенбиз. Бирок майда шаардык кеңеш келбей калды, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо болгону турат. Шаардык кеңеш келгиче күтүп турбайсыңарбы, сураныч! Биринчи силердин маселеңерди карайт, келсе. Азыркы мэр эч нерсе кыла албайт, себеби шаардык кеңеш жок. Тариф маселесин шаардык кеңеш чечет. Ысыкта элди кыйнабай, ушунча чыдадыңар эми дагы чыдап койгула. Өтө суранам силерден!" - деди Түлөбаев.