Ташкул Керексизов... Бул ысым дайыма Рух ордо, Аалам ордо менен жан дүйнөбүздө. Анын Рух ордосу Ысык-Көлдүн гана эмес, Кыргызстандын да дүйнөлүк брендине айланды. Аалам ордосун аягына чыгарса, ал да ошондой жай болмок. Ал убагында Өкмөт үйүнүн негизги залдарын, мамлекеттик резиденцияларды жасалгалап, кооздоо жагынан да аты чыккан. Ал “Манас” эпопеясын, улуттук руханий дөөлөттөрдү даңазалоо боюнча оргуштаган ой-максаттарды алып жүргөн адам болчу. Тилекке каршы, каргыш тийгир “ковид” Ташкулубузду оюндагыларынын көбүн аткара электе арабыздан алып кетти.
Биз аны көптөн бери жакшы билген, кызматташып да жүргөн түбөлүк демократ, “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиевге кайрылып, досу жөнүндө ой бөлүшүүсүн өтүндүк.
- Топчубек Тургуналевич, Ташкул Керексизовдун эл алдында башкы эмгеги кайсылар?
- ХХ кылымда “Манас” эпопеясын дүйнө жүзүнө даңазалаган Сагынбай менен Саякбай болсо, ХХ кылымдын аягында ХХI кылымдын башында эпопеяны, кыргызды дүйнөгө даңазалаган Ташкул Керексизов болду. Анын Рух ордосу, Аалам ордосу, Жуңгонун Артыш аймагына тургузган кырк чоролуу Манастын айкели ага далил. Жыл сайын Ысык-Көлгө дүйнөнүн ар тарабынан келген жүз миңдеген туристтер барышса, алардын баары болбосо да басымдуу көпчүлүгү “Рух-ордодо” болушуп, анын демилгеси, колу менен жаралгандар менен таанышып, жан дүйнөсүн байытышат.
Ташкул Керексизов гениалдуу чыгармаларды жараткан, алардын бири - анын өзү жашаган үйү, короосу. Дүйнөдө эле эмес, Кыргызстанда деле кабат-кабат үй салып, ичин не бир баалуу нерселер менен толтургандар көп. Бирок, Ташкул досумдай үйүн, короосун улуттук руханий, этнографиялык байлыктарыбызды даңазалаган борборго айландыргандар жок. Ташыке башкалардай, өз кызыкчылыгын көздөбөдү, байысам деп умтулбады. Ал баардык тапкандарын улуттук руханий дөөлөттөрдү даңазалоого гана жумшады. Ал кыргыздын боз үйүн жаңы шартка ылайыкташтырууда да аябагандай чоң эмгек кылды. Мурда короосуна кире бергендин сол жагында улуттук жоромдордо укмуш жасалгаланган чоң боз үй тигилип турчу. Ага ар жактардан өкүлдөр келип, керегесинен түндүгүнө, эшигинен чыгданына, жыйылган жүктөрүнө чейин талдап, үйрөнүп кетишип, өз боз үйлөрүнө колдонушчу.
- Сиз үй-бүлөсүнө айрым ыңгайсыздыктарды жараткандыгына карабастан дедиңиз. Ал кандай ыңгайсыздыктар?
- Музей көргөнгө жакшы, бирок анда жашагандын көп ыңгайсыз жактары бар да. Ташкулдун үйү гана эмес, короосу да музейдей экендигин өзүң деле көрдүң. Аны ал күндөлүк тиричилиги, утилитардык муктаждыктары үчүн эмес, эл үчүн, руханий дөөлөттөрдү даңазалоо үчүн курган.
- Маркум агабыз “Манасты”, Чынгыз Айтматовду өзгөчө жогору баалачу. Аны менен Академиянын кызматташуусу кандай эле?
- Академия жаңы түзүлгөндө биз турган жай кароосуз калган экен - атканадан айрымасы аз болчу. Имарат салынгандан бери ремонт болбоптур, анысы аз келгенсип, мурда отургандар зымдарына чейин жулуп кетишкен экен, биз аны оңдоп-түздөп көп убара болдук. “Манас” менен Айтматовдун атын алып жүргөндөн кийин имаратка ага ылайык түс, колорит бериш керек эле. Мына ошондо Ташкул Керексизов өз ыктыяры менен келди. Ал Академиянын кичине жыйынканасын, конокторду кабыл алуу бөлмөнү “Манастын”, Чынгыз Айтматовдун духтарына ылайык жасалгалап берди. Ташыке биздин Академиянын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү да болуп иштеди. Маанилүү жыйындардын бардыгына катышчу, тез-тез келип, ойлорун, сунуштарын айтып турчу. Анын адамдарды бир-эки көрүп, бир аз баарлашканда эле ички дүйнөлөрүнө чейин аңтара түшүнүп, так мүнөздөмө берчү жагы да бар болчу. Ага караганда ата-бабаларынын арасында көзү ачыктар да болсо керек. “Байтик айылы тарапка дагы бир руханий борбор түзсөм, Ысык-Көлдүн Түп жагында миңдеген балдардын башын коштуруп, дары чөптөрдү өстүргөнгө адистештирсем, Шамбалага, АКШнын Сиетл шаарына жакын жерге Манас борборун курсам”- деген да ойлору бар эле. Тилекке каршы, аларды аткара албай кетти. Мага “Германиянын өкмөтү 22 гектар жер бөлгөнү жатат, ал жерге этнографиялык борбор курам” деп да айтып жүрдү. Биз Ташкул Керексизовдун улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү даңазалоого, Академиябыздын имаратын оңдоп, түздөп, жасалгалоого кошкон салымын эске алып, ага “Манас” жана Чынгыз Айтматов Улуттук академиясынын Ардактуу академиги деген наам ыйгардык. Ал керемет кылып жасалгалаган жыйындар залына да анын атын бердик. Биздин анын эмгегине карата эң чоң урматыбыз, сыйыбыз ошол.
- Агабыз көзү барында эмгегине жараша сыйлыктарга арзыбады. Эми көзү өткөндөн кийин анын атын түбөлүккө калтыруу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
- Ташыкенин ички дүйнөсү бай улуу инсан гана эмес, чоң мамлекеттик ишмер да эле. Ал убагында Жогорку Кеңештин депутаты, губернатор, Президенттик администрациянын иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Ал өмүр жолун райондун соода тармагынын жетекчисинен баштаган. Ал мындан жыйырма жылдай мурда 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган, башка сыйлыктары жок. Менимче, анын кыргыз рухун даңазалоодогу эмгектерин баалап, ага Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам берсе туура болмок. Ал ошого татыктуу иш кылды. Бишкектеги көчөлөрдүн бирине да анын ысмы берилиши керек.
- Сиз Ташкул агабыздын үйү, короо жайы өзүнчө музей экендиги жөнүндө да айттыңыз. Окурмандардын көбү ал тууралуу билишпейт, көрүшө элек. Ушуга кененирээк токтоло аласызбы?
- Ташкулдун короо жайы мамлекеттик резиденцияга жакын жерде. Байлардай ал 2-3 кабат үй курган эмес, чакан-чакан 3-4 жайдан турат. Анын ар бири улуттук кереметти, этнографиялык дөөлөттөрдү чагылдырган. Боз үй формасында курулган жайы этнографиялык өзгөчөлүктөрдү чагылдырууга, ал эми өзү жашаган үйү шыбына чейин руханий дөөлөттөрдү чагылдырууга арналган. Саякбайдын сүрөтүнөн Айтматовго чейин бар. Ал эми короосу өзүнчө эле оригиналдуу парк. Анда Конфуцийдин, Будданын, Пушкиндин айкелдерине чейин бар. Кире беришинин сол жагында Индия менен Бенгалиянын гимндеринин тексттеринин автору, инди элинин улуу акыны, Нобель сыйлыгынын лауреаты Рабиндранат Тагордун эстелиги бар. Тагор Махатма Гандинин жакын досторунан болгон. Ташыкенин үйүнөн көп залкар адамдар даам сызышкан, убагында Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин, Казакстандын Элбашысы Нурсултан Назарбаев да болгон.
- Эми ал үйдүн тагдыры кандай болот?
- Мен жакында куран окутканы барганда анын аялынан, кызынан үйүндөгүлөрдү, короосундагыларды мамлекет тарабынан кол тийгизбей сактоо жөнүндө айттым. Ар кимдер сурап, кармап алып кете берсе, Ташкул жыйнагандардын көбү орто жолдо жок болуп кетиши ыктымал. Тилекке каршы, буга чейин белгилүү адамдардан калган мурастарда андай көрүнүштөр болгон. Анын сүрөттөрүнөн, сейрек кездешүүчү буюм-тайымдарынан, кийген кийимдерине, кагаз-калемдерине чейин сакталышы абзел. Ал элдик феномен адам болгон. Эгерде мэрия Маданият министрлиги менен биргеликте Ташкул Керексизовдун короо жайын, үйүн музейге айландырып, аялын же кызын ага директор, дагы бирөөн гид кылып дайындаса, ал кыргызстандыктардын гана эмес, сырттан келген туристтердинда сүйүктүү жайларынын бирине айланмак.
- Анын артында китептер же кол жазмалар калдыбы?
- Анын Шамбала, айрым эзотерикалык маселелер боюнча жазгандарын гезиттерге чыгып жүргөн. Теле радиолордо деле улуттук руханий баалуулуктар жөнүндө көп сүйлөчү. Ал изилдөөчү, ойчул да эле. Ал Альберт Эйнштейндин физикалык теорияларын иликтеп, үйрөнүп, алар жөнүндө атайын эмгек жазууну максат кылып жүрчү. Кол жазмалары бар экен. Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү макул болушса, биз аны өзүнчө китеп кылып чыгарабыз. Академиябыздын Нарын облусу боюнча өкүлү Нурлан Чолоев ага демөөрчү болом деди.
- Ал инсан катары кандай адам эле?
- Ташыке эч кимге жагынууну ойлочу, кошомат кылчу, эки сүйлөчү эмес. Ал алдында кандай адам турбасын оюндагысын дайыма бетке айтчу. Президентпи, министрби же губернаторбу, же жөнөкөй адамбы, анысына карачу эмес. Ал бул дүйнөгө түз келди, түз иштеди, элине ат көтөргүс ак эмгек кылып, түз кетти. Сейрек чыгаан адам эле. Байдылда акын:
Энелер баатыр төрөйт, акын төрөйт,
Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне, -деп жазгандай, Ташкулдай адамдар чындыгында эле дүйнөгө сейрек келет. Топурагы торко, жаткан жери жайлуу, жаны жаннатта болсун.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити