Тажикстандын кол салуусунан кыйратылган, өрттөлгөн уүйлөрдүн ордуна жаңысы салына баштаганда баарыбыз төбөбүз көккө жетип сүйүнгөн болчубуз. Бирок Ош шаарындагы бир нече коомдук уюмдардын кызматкерлеринен турган ыктыярчы топ Баткен жана Лейлек райондорундагы салынып жаткан үйлөр талапка жооп бербей тургандыгын билдирди.

Анда ыктыярчылар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жеңил конструкциядагы турак жайлар курулуп жатканын маалымдашкан.

Ыктыярчылардын катарында болгон «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева салынып жаткандыктан үйлөр өрткө жана селге туруштук бере албашын билдирди.

«Фин» тибиндеги үйлөр коопсуздук талаптарына толугу менен жооп бербейт. Себеби алар жеңил конструкциядан салынат. Канчалык деңгээлде өрткө же болбосо ошол жерде дагы бир коогалаң болуп кетсе — ошолорго туруштук бере алабы деген суроо пайда болуп жатат. Себеби, бул үйлөр оңой эле өрттөлөт», — деди Мамасалиева.

Ошондой эле,  Мамасалиева салынган үйлөрдүн фундаменти болгону 25 см түзгөнүн билдирди. Ыктыярчылар ОСП (жыгачтын апилкасынан жасалган материал) жана пластик материалынан салынганы да экологиялык жактан кооптуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Себеби, ал абаны өткөрбөйт. Ошол эле учурда укук коргоочулар отчётто үйдү бузуп кайра башка жакка курууга болоорун жана алар жылуулукту жакшы сактай турганын кошумчалашкан.

Ыктыярчылардын отчётуна ылайык, учурда жеңил конструкциядагы үйлөрдү Түркиянын өкмөтү куруп жатат. Анткен менен кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн — анын 200 млн сому үйлөрдү курууга жумшалмак.

Бул маселе боюнча кыргыз өкмөтү да ак же көк деген жооп айтып коюшун күтөбүз.

Булак: “Майдан. kg” гезити