Кыргызстан өзү коронавируска каршы вакцинаны мындай кой, баш ооруну баскан аналгин да чыгара албашы бештен белгилүү. Андыктан дары-дармектердин дээрлик баардыгы сырт жактан ташылып келет же кызылдай акчага сатып алабыз. Ал эми бүгүнкү күндө өмүрдүн өлбөс дарысы болгон коронавируска каршы дарысын ар кайсы бул дарыны өндүргөн мамлекеттерден суранып алып келүүдөбүз.
Россия да бир нече миң өздөрүнүн өндүрүшүнөн чыккан Спутник V вакцинасын берген. Бирок ушул миңге чукул доза апрелдин аягында эле жараксыз болуп калганы белгилүү болду. Вакциналар Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда сакталып турган, окуядан кийин аталган поликлиниканын беш кызматкерине сөгүш жарыяланган.
Түз эфирде уу коргошун ичип атагы чыккан саламаттык сактоо министри муздаткычтагы миңдеген вакцинанын эрип кетиши боюнча өз версиясын айтты. Буга чейин «муздаткыч эмнегедир токтон суурулуп калганы» айтылган болчу.
Алымкадыр Бейшеналиевдин алдын ала маалыматына таянсак, буга «тазалык кызматкери күнөөлүү», ал пол жууп жатканда байкабастан розеткага тийип, вакцина салынган муздаткычты өчүрүп алган деген версия бар.
«Эгерде кызматкерлердин бири, тазалоочу айым же дагы башка бирөө күнөөлүү болуп чыкса, анда ҮМБ бардык материалдык чыгымдарды тартат. Башка жагынан алып караганда, бул гуманитардык жардам, ошондуктан вакцинанын ордун канткенде акчалай тургузабыз деп ойлонуп жатабыз», — деген буга чейин саламаттык сактоо министри.
Ал эми иммунопрафилактика борборунда башка версия айтылды — белгисиз бирөө телефонун кубаттайм деп барып вакциналар салынган муздаткычты сууруп салган.
Эмнеси болсо да саламаттык сактоо министри баш болгон тиешелүү медициналык кызматкерлердин өз милдетине шалаакы мамилесинен улам миң адам вакцинасыз калды...
Булак: “Майдан. kg” гезити