Кыргызстан 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы маалымдады.

Ошондой эле, чек арадан товарлар ташыган жүк ташуучу унаалардын жана башка транспорттун кыймылы «Кулунду-автожол», «Кайрагач-автожол», «Кызыл-Бел-автожол», «Бордобо-автожол», «Карамык-автожол» өткөрүү пункттарында  токтотулду.

Ал эми Кыргызстандын жана Тажикстандын, мындан сырткары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын тийиштүү органдары менен алдын ала макулдашуудан кийин чек араны кесип өтө алышат. Ошол эле учурда эки тараптын тең жарандары өз өлкөлөрүнө өткөрмө пункттары аркылуу кайта алышат.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 23-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолуккан учурда кыргыз-тажик чек арасында чектөөлөр киргизилгендигин билдирген.

«Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз», — деген Марипов.

Албетте, Өкмөттүн бул кадамы кыргызстандыктар тарабынан колдоого ээ болууда. Анткени чек аранын жабылуусунан кошуналар көбүрөөк зыян тартат. Демек, кыргыз бийлиги Тажикстанга аларга окшоп аскердик агрессия жасай албаса да, жок дегенде ушундай экономикалык блокада коюп, эсине келтириши керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити