Кыргыз жазуучусу, тарых иликтөөчү Кушубек Качибековдун жакында жарык көргөн тарыхый-даректүү “Төрөкул Жанузаков... Түркстан жаңырыгы” аттуу китеби казак окумуштууларын жана окурмандарын кайдыгер калтырган жок. Кеңеш өкмөтү кезинде кыргыздын санжырсына, казактын шежиресине салкын көз менен караганы рас, эми интернеттен кыргыз санжырасын тыңшап руханий санаабызды бай мурасыбыз менен байытып, ким экенибизди билип, мактана турган жагдайга жеттик. Бул кезектеги тарыхый-даректи баяндаган зор эмгек гана эмес, чындыктын чырагы сыяктуу санаага шоола түшүрдү. Элин, жерин чексиз сүйгөн, өткөнүн элөөсүз калтырбаган, саргара күткөн элдин санаасын санжыралап сараптап, каада-салтын кадырлап окурманга жеткизген жазуучунун бул эмгеги мени гана эмес, колуна тийгизген казак окумуштуулары да далай чындыкка көздөрү жетип, күдүктөрү сейилди окшойт.
XX кылымдын башындагы жалпы Орто Азия элдери, анын ичинде кыргыз элинин боштондугу менен эгемендүү өзүнчө эл болуу үчүн болгон күрөштүн каарманы Төрөкул Жанузаков тууралуу тарыхый даректер элдин көңүлүн элеңдетип, санаасын сан кыйлага серпти. Казактын академик-тарыхчысы Мамбет Койгелдиев: “Кушубек иним, китебиңди окудум. Үлкөн китеп даярдапсың. Төрөкул агамызды өмүргө кайра кайтарганга тең эмгек болуптур”,-десе, Чымкенттеги М.Ауезов атындагы Университетинин ректору, академик Дария Кожомжарова: “Бул китеп жөн эле китеп текчеде туруп калбайт, биз бул китепти дагы даңазалайбыз. Өзгөчө Турар Рыскулов жөнүндө мурда белгисиз болуп келген баалуу архивдик материалдарды таап жазганыңызга чоң рахмет”,- деген жылуу пикирлерин билдирген. Ушундай тарыхый маанилүү китептерди жазган жазуучу К.Качибековду кыргыз коомчулугу айтпаса, биз казактар айтабыз.
Элибиздин басып өткөн тарыхын, ар кимдин чеңгелинде калган тарпын терип, тастыктап өзгөчө баалап, кемелдүү элдин рухун көтөрүп, келчегинин керегесин кере билген, чамгарагына чындыктын чырагын илип, жол көрсөтө алган адам гана залкар жазуучу боло алат. Мындай таланттуу уулду - Кушубек Качибековду кыргыз элинин тагдырына табигаттын берген тартуусу - Жараткан Алла Таанын берген сыйы менен сыноосу болсо керек. Мойнуна арткан сүйүктүү элинин парызын көтөрүүгө чамасын чексиз берген, эли үчүн жасаган баардык аракетине камкорчу жана коргоочусу болгону анык. Андай болбосо, мындай эбегейсиз зор эмгекти жаратуу, өткөн бабалардын рухун козгоп, кыдырып, 20 жыл боюу сабырдуулук менен өткөн элдин санаасын сайратып, азыркы муундун санаасын ойготууга багыттаган ой-тилегин, саамайы агарганча сараптап, жазып үлгүргөн.
Арийне, сөз кылып отурган кыргыздын таруудай чачылган тарыхын терип, эң жогорку деңгээлде жыйырма жыл бою изилдеп, көп нерсеге илим көзү менен саптап, академиялык деңгээлде жазганы баа жеткис эмгек. Кээ бир илимий топтун колу жетпеген билим менен илимдин акыйкатын, жалгыз өзү ачып далилдеп койгону кимди кубандырбайт. Жыйырма жыл бою өз алдынча, тынбай изилдөө менен эч кимге, эч кандай талап койбой, өзүнүн алган билими, илхам илими менен жазып бүтүргөнү анык. “Төрөкул Жанузаков... Түркстан жаңырыгы” аттуу китебинде, энциклопедия көлөмүндө тарыхый даректер жыйналган. Баягыдан илим менен айланышкан академик илимпоздор мындай эмгекти жазышса да, жамаатташып жазышкан. КМШ жана башка өлкөлөрдө мындай эмгектерге эч кандай илимий этаптардан өтүү түйшүгүсүз эле ардактуу академик же профессорлук окумуштуулук даражаны ыйгармак.
Кыргыз элинин тамыры терең байыркы эл дейбиз, бирок тарыхынын тереңде топуракта көмүлүп жатканы, андан калса бүткүл дүйнө калктарынын архивдеринде чаң басып саргарып, сагына да, сая күткөн сары барактарды, таап колубузга тийгизе албай, баягыдан бери кабырганы кайыштырып келе жатканыбыз. Кайдагы, жайдагы али жер катмарында казылбаган дүнүйө, элдин эңсесин көтөрө алабы? Кур айтылган сөзгө алымсынбай турган элдер бар, андыктан изилдеп жер алдынан казып алып, архивден жазып алып, музейге коюп көрсөтүү керек эмеспи. “Кыпындай эли калды, алакандай жери барды...”- деп, эл катары көрбөй, эби келсе эсебин таап жок кылып жиберүүгө дайын тургандар да бар. Ошондукан, азыркы убакта эл ичинен суурулуп чыгып, өкмөттөн эч нерсе күтпөй, өз алдынча ааламдагы эл ичин аралап, өз элинин изин кууп өткөнүн саралап, изилдеп илимий баа берип, тактап тарыхтагы өз ордуна коюп жатса, ушундай залкар жумуш жасаган адам окумуштуу илимпоз эмей эмне?
Тарыхты жасаган - коом, коомдун мүчөсү - адам. Адамдар болбосо коом кайдан, коом болбосо мамлекет кайдан болот? Коомду кыймылга келтирип алга жылдырган, өнүктүргөн да, өчүргөн да адамдар. Ошондуктан, коомдогу адамдардын тагдыры тарыхта маңыздуу роль ойнойт. Бул китептин жазылуу максаты да адам тагдыры тууралуу болуп, ал аркылуу кыргыз коомунун тагдырын тарыхый даректер менен чагылдырып, өз алдынча мамлекет болуп эгемендикке жетүүнүн катаал да, татаал да жолунда, өзүнүн жаш жанын курман кылган, кыргыз элинин каарман уулу Төрөкул Жанузаковдун тагдыры аркылуу эгемендүүлүктүн баасын акыйкаттап элге жеткизген автордун өзү да - каарман!
Тарыхты жасаган адам-коом-мамлекет дейбиз, адам коомдун мүчөсү, коом мамлекеттин субъектиси. Кыргыз эли орто кылымдарда өз алдынча өнүккөн мамлекет болуп ааламдын картасында калган. Мүмкүн андан да ары Арийлерден бери кыргыз эл болуп келгенби? Кыргыз деген атын өчүрбөй келгендин өзүндө чоң маани жатат эмеспи?! Ал эми кандайча жана качантан бери? Белгисиз, азырынча гипотеза гана, аны ары жалгаштырып изилдөө келечектеги урпактардын мойнунда. Себеби, көмүлгөн тарыхтын чети көрүнө баштаган сыяктуу. Тибетке саякатка барышкан кыргыздар, “анда дагы кыргыздар жашайт экен, арий уруусунанбыз деп айтышты” деген сөздөр чыга баштады, демек, дагы бир тарыхый даректерди изилдеп жүргөн К.Качибеков сыяктуу элдик илимпоз чыгаары анык. Ушундай кыргыздын эркин илимпоздору, ааламда калган ата-баба издерин издеп таап, тарыхын том-том кылып жазып жатышса, эч качан кыргыз калкынын аты өчпөйт!
Азыркы сөз кыргыздын чыгуу тегинде эмес, кыргыздарды кыргыз эл кылып эптештирип эбин бузбай, эгемендикке жеткизип келген баатырлары, кандуу күрөштүн каармандары тууралуу. Бул китептеги башкы тарыхый чындыктын каарманы, өткөн кылымдын башында Орто Азиядагы түркү тилдеш элдеринин ичиндеги кыргыз интеллигенциясынын тунгуч өкүлү, саясий мамлекеттик ишмер, 1909-1916 жылга чейин Түркстан крайынын генерал-губернаторунун тилмечи, жеке жардамчысы болуп кызмат кылган Төрөкул Жанузаков жөнүндө. Ал бир нече чет тилдерди билген, 1920-жылы Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин биринчи орун басары болуп иштеген. 1919-жылдан баштап Төрөкул Жанузаков Жети-Суу обулусундагы кыргыз-казактар менен Түркстандагы тектеш элдерди бириктирип, өз алдынча көз каранды эмес эгемендүү Түркстан мамлекетин курууга аракет жасашып, ишке ашпай, 1921-жылы улутчул-шовинистердин колунан 28 жашында курман болгонун билип отурабыз.
Кыргыз журтуна кыргыз эли үчүн канын төккөн дагы бир баатырын тааныштырып жана эл санаасына киргизген тарыхый чындыктын кезин, чырмалган тарыхый чыр чатактын ичинен чынайысын таап, чыңына чыгып, чыгын сунган жазуучу Кушубек Качибековдун эмгегин илимий изилдөөнүн жыйынтыгы катары баалап, өз баасын алганда, баа жеткис далай илимдин булагы, келечектин чырагы болоору анык. Илим академиясында иштелбеген окумуштуунун жумушун жасалып, кыргыз гана эмес, түркү тилдеш элдердин окумуштуулары катарында, бүткүл КМШ шаарларынын архивинде жаткан далай бүгүлгөн тарыхтын барактарын барактап жазып чыгуу, Кушубек Качибековдун “Төрөкул Жанузаков... Түркстан жаңырыгы” аттуу эмгеги эбегейсиз зор. Мында, жалгыз кыргыз элинин тарыхы эмес, казак, өзбек, тажик жана түркмөн элинин тарыхынын чындыгын акыйкаттай турган алп эмгек. Китептеги тарыхый чындыктын бир гана окуясын ачып, түшүндүрмө жазуу үчүн, канчалаган архивдерде, канчалаган тарыхый китептерди окуп чыгып, канча убакыт отурганын эсепке алуу мүмкүн эмес. Бул көп жылдык талбаган эмгек! Бир эле архив документин табуу үчүн айлар бою зарыгып күтүп, чаң басып, саргарган барактарды барактап окуп отуруп издөөнүн өзү, “ийне менен кудук казгандай” күч жумшайсың. Төрөкул Жанузаковду көрүп калган аксакалдардан анын тагдырын сурамжылап, анын ата-тектери, жакын туугандарына чейин иликтеп, убагында казак-кыргыздын нечен эр азаматтары окуп кеткен Меркидеги мурдагы орус-тузем мектебине бир нече ирет барып, ал каралбай калган тарыхый имаратты Т.Рыскулов атындагы музейге айландыруу демилгеси менен жергиликтүү бийликке конгуроо кагып, ал тургай Баку шаарына чейин барып каарманынын изи калган 1920-жылы Бүткүл дүйнөлүк чыгыш элдеринин курултайы өткөн имаратты тегеректеп басып, ал курултайдын стенографиялык отчетунун көчүрмөсүн ала келип, Бишкектеги архивдерден Т.Рыскуловдун аттестат, кол жазмаларынын түп нускаларына чейин таап чыккан Кушубек Исановичтин эмгеги эмне деген зор мээнет! Илимий даражам үчүн деген максат менен эмес, жөн гана ошол доорду, ошол доордогу кыраан ишмерлердин тагдырын жүрөгүнөн өткөрүп эркин жазып жалпы калайык-калкка тартуулоо гана болгон дейт автор өзү. Андайда, адамга сабырдуулук, акыл, билим керек, жөнөкөй гана жогорку билим эмес академиялык билим, себеби, тарыхый чындыктын бетин ачып, баяндама же илимий метод менен сараптама жасап барып, жарыкка алып чыгууга кажет. Кийинки илимий конференцияларда көпчүлүктүн суроолоруна жана илимпоздордун суроолоруна жооп кайтаруу керек. Анын ичинде казак, татар, өзбек элдеринин каармандары бар, “сеники, меники” деген суроолордон “камырдан кыл суургандай” суурулуп чыгуу керектигин ойлогон, жазуучу гана эмес, окумуштуу-академиктин деңгээлинде жазылган олбурлуу эмгек десем жаңылышпайм. КМШ окумуштууларынын деңгээлин билип, баалап, санаалуу ой менен сараптап жазылган бул эмгек, кыргыз окумуштууларынын илимий деңгээлин жогорулатып, келечекте мындан да жогорку деңгээлде эмгектер жаралат деген ишеним туудурат. Ошондуктан мен, окумуштуу философ иретинде өзүмдүн атымдан жана казак окумуштуулары атынан кыргыз коомуна, кыргыз окумуштуулар коомуна айткым келгени, бул эмгек өзүнүн татыктуу, эң жогорку илимий эмгек катары баасын алуу керек. Себеби, мен казак азаматы жана окумуштуусу иретинде, бул эмгек тийиштүү өз баасын алса дейм. Кыргыз элинин илимпоздорунун жана жазуучуларынын мертебесин көтөрө турган баалуу эмгек экенин тааныдык. Жалгыз кыргыз калкына гана эмес, карт Түркстандагы, ал тургай Чыгыш Түркстандагы түркү тилдеш боордош элдердин тарыхый чындыгы тастыкталган бул эмгек, ар-намызын чыңдай алган, кадыры менен касиетин жогору көтөрүүгө жарамдуу тарыхый булак деп кароого болот. Мындай тарыхый чындыктардын жарык көрүүсү, элдин руханий санаасын байытып, рухун көтөрүүгө жараган руханий байлыгы деп айтууга болот.
Бул китеп тарыхый даректүү окуяны баяндаган китеп гана эмес, бир канча элдердин “тарыхый энциклопедиясы” да болууга жарамдуу деректер жыйналган. Себеби, кыргыз-казак элинин улуттук каармандары гана эмес, канча элдердин карапайым тирчилигинин каармандары, тарыхый сүрөттөрү менен тиркелип, түшүндүрүлүп окуянын маанисин ачып баяндалып берилген.
Баягыдан баарыбызга белгилүү болуп келген мамлекеттик ишмер, казак элинин ардактуу уулу Турар Рыскулов менен бирге, бирдей мамлекеттик деңгээлде жумуш иштешкен кыргыздын ардактуу уулу, эң алгачкы мамлекеттик ишмери, 1916-жылкы Үркүндөн кийин кытайга ооп , азап чеккен далай кыргыз-казактарды аман алып калган Төрөкул Жанузаковду эми толук таанып отурабыз. Сүрөтүнө карап, сүйкүмдүү сулуу жүзүнө, тик караган кара көз каарман кандашыбыздын көзүнө тик карагандан ийменесиң?! “Жап-жаш жоо жүрөк баатыр уулунан кыргыз кандайча кабарсыз калган?”,- деген суроо туулат?!
Турар Рыскуловду ар бир казак билет десем жаңылбайм. Себеби, ал кишинин аты коюлбаган дүнүйө жок , район, айыл, көчөлөр, мектептер, институттар жетет. Ушунчалык ардактап төбөсүнө көтөрүп келе жаткан казак элине жана казак өмөт башчыларына, анан калса Турар Рыскуловдун руху ыраазы! Алар мурда эле колго алышып, “Арбактар ыраазы болбой, биз жарыбайбыз” деген калк, элин эгемендикке жеткирген ата-бабаларынын рухуна урмат кылып, таазимин жасашып, жаңы деңгээлге көтөрүлүү жоболорун иштеп чыгышкан. Ал эми Т.Рыскуловдун жан досу, кызматташы Төрөкул Жанузаковдун эмгегин боордош эки эл баалай албай келебиз. Бир эле мисал, казактын алгачкы үлкөн мамлекеттик ишмери М.Тынышбаев кытайдагы качкын казак-кыргыздар үчүн каражат сурап Верныйден Ташкенттеги Төрөкул Жанузаковго кайрылып жазган каты да табылып китепке кириптир.
Калктын демилгеси ар дайым жогору болоору анык, бирок, эл ичинен суурулуп чыгып, зор эмгектерди жаратып, элге үлгүлүү болуу ар кимдин маңдайына жазылган эмес. Буюрса карантин жоюлуп , жол ачылса автор менен казак окурмандары жолугушуп, китептин бет ачаары болоору болжолдонуууда. Себеби К.Качибековдун бул китеби казак окумуштуулары, дегеле жалпы окурмандары тарабынан жылуу кабыл алынып, терең талкуу жаралууда.
“Өткөнүн унуткан элдин, болочогу бүлдүр” деген сөз бар эмеспи. Эмне болсо да, себепсиз куурайдын башы сынбайт. Мына азыр, өткөндү сараптап, баасын бере турган кез келди окшойт, арийне, Кушубек Качибековдой эмгекчил, залкар жазуучулар турганда, топуракка көмүлүп жаткан учугу узун, уңгусу таза, тамыры терең, Теңири жалгаган элдин тарыхы кайдыгер калбасына эми көзүбүз жетти.
Анархан Махмуткызы УСУПОВА
Илим доктору, философ, дин таанучу, акын-жазуучу, КР жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү .
(Казакстан, Алматы шаары, “Түрк ааламы” эл аралык гезитинен)
Булак: “Майдан. kg” гезити