Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майдагы отурумунда Пирматовдун арызын карайт.

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мандатын тапшырган Исхак Пирматовдун ордуна мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев депутат болуп келерин билдирди.

Сулаймановдун айтуусунда, Исхак Пирматов партиянын шайлоо астындагы ички келишимине ылайык мандатын өткөрүп берген.

Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2016-2019-жылдары айыл чарба министри болуп иштеген. 

Булак: Азаттык