Печать
Категория: Коом
Просмотров: 318

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) ректорун шайлоо 29-майга белгиленген болчу. Бирок ага жеткирбей, шайлоону жокко чыгарууга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аракет кылып жатканы белгилүү болду. 

Белгилей кетсек, ректорлукка төрт талапкер ат салышууда: Айдаров Зиябидин, Алымбаев Эркин, Кудайбергенова Индира жана Шаршембиев Жолдошбек. 

Бейшеналиев академиядагы шайлоону жокко чыгарууга эмнеге кызыкдар болуп жатканы да чечмеленди. Маалыматтарга караганда, министрдин ушул каалоосу орундалышы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчыларына ротация жасалган. Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев КММАдагы шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы болуп эсептелинет. Ал учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинде статс-катчы болду. А анын ордуна саламаттыкты сактоо жаатынан келген Калысбек Шадыханов уюштуруу комитетин башкарууда да, шайлоону үзгүлтүккө учуратуучу башкы куралдын милдетин аткарат. Бул министр Бейшеналиевдин тымызын планы. Шайлоону кийинкиге жылдыруу менен өзүнө караштуу адамдын ректорлукка келүүсүнө жол ачкысы келип жатканы баарына түшүнүктүү эмеспи. 

Албетте, министр өзү актанууда. Жогорудагы маалымат коомчулукка чыгаары менен Алымкадыр Бейшеналиев "статс-катчы дайындоо укугу министрде жоктугун" айтып чыкты. Ошондой эле, ал белгилегендей, "статс-катчылар министрге баш ийишпейт, алардын өзүнчө механизми" бар. Кыскасы, өз максатына башка бирөөнүн колу аркылуу жеткен адаттагы  аткаминерлердин кезектеги бирөөсүнүн актанмайы. Мындан улам   "мен билбейм, статс билет" менен суудан кургак чыгууну алдын ала пландаштырганы маалым болгонсуду. Сыртынан копол, бир аз маңыроо көрүнгөн министрдин интрига жасап, маселени өз тарабына бурууга шыктуу болуп чыкканы бир эсептен таң калтырат. 

Бүгүн, 29-майда КММАнын кызматкерлери "аконит министрге" каршы митингге чыгышты. Алар ректорду шайлоону жокко чыгарууга нааразы болушкан. 

"Кечээ саламаттыкты сактоо министри КММАнын ректорун шайлоого эч кандай тиешем жок деди. Бирок биз буга ишенбейбиз. "Аконит министр" биздин ишке кийлигишпесин. Өз сазында чардай беришсин, биздин маселебизге аралашпасын", - дешти митингчилер. 

А бул жакта министр эч нерсе билбеген адамдай, актанган жоопторду берип отурат. Саламаттыкты сактоо тармагынын башчылыгына баруу кайсы бир мекеменин ички ишине мурдун тыгуу эмес, ошол тармактын жоопкерчилигин алып кетүү экенин түшүнбөйт окшойт. Аконитти "ачып" элдин шылдыңына кабылганын элес албай, тескерисинче, сыймыктанган Бейшеналиевдин кызмат эйфориясына саналуу күн калды окшойт.