Садыр Жапаровдун өмүрлүк жары Айгүл , алардын жашоо турмушунда ысыгы да- суугу да болуп келе жатат. Акыркы он жылдагы өмүрлөрүндө бул үй -бүлө көптөгөн оорчулуктарды, кайгы-касыреттерди өткөрдү. Ошол убакытта Садырдын көргөн кыйынчылыктары жөнүндө көп айтылып көп жазылды, а Айгүлчү, ал эмне көргөн жокпу көргүлүктү!?. Аай дейсиң ушул жерде... эркек деген эркек, эркектик мүнөзү, эркектик эрк -кайраты, эркектик катаалдыгы, дегеле эркектик дүйнө таанымы менен көп нерселерди кабыл албай калат эмеспизби.
Аялзатыныкы башка, ушул жерден Айгүлдүн: "Уулум түшүмө киргенде ойгонгум келбейт",- деген сөзүн кошсом жетиштүү болоор! Ушул сөздү окуганымда каңырыгым түтөп, карегим каканактаганы эсимде. . .
Бир убакытта балдарына эне болуу гана эмес, ата ордунда да жүрдү!
Ата-энелерди узатышты: Садыр түрмөдө жатып ыйласа, Айгүл жан дүйнө түрмөсүндө жатып ыйлады. . . Кайратын жыйып, аял болсо да белин бекчейте бууп эркеги үчүн күрөшкө чыкты, ал кезде ал күрөш кандай аякталары белгисиз эле!
Эми аны "Майрам Акаеванын жолун жолдоп мамлекеттик көп нерселерди чече баштады"- деп жаманатты кылышууда. Майрам ким? . Асмандан түшө калгандай болгон эринин дөөлөтүнө мас болуп, элирип эсин жыя албаган, мүнөзү бош эрин каалагандай калчап, үстөмдүк жүргүзгөн албуут эси жок аял! "Аялдын кесири эрине "болбодубу акыры.
Айгүл ким? ! Далай азап-тозокту башынан өткөрүп, сынып калбай белсенип, өжөрлөнүп күрөшүп, жубайынын колуна-кол, бутуна-бут болуп саясат айдыңын да басып өткөн күрөшкер аял! Негизи Майрам менен Айгүлдү салыштырып деле болбойт.
Анан бир "куу тумшуктун"Айгүл жөнүндө жазган фейк маалыматын окуп алып, ал "куу тумшук фейктин"ушунчалык адамдык парасатынын кемдигине тан бересиң, ачууңду баса албай албууттанасың, , "адам сыягы жок айбан","куу тумшук, атаңдын гана көрүгаскейин ", - деп сөгүнөсүң, , акырында "а пейилиңден тапкыр, душман да", -деп тим болосуң!
Бул посттундагы келжирек кеби менен "душман"алсыздыгын гана көрсөтө алды!
Кыргыз элимдин чыгаан уулу, падышабыз Садыр иниме, татыктуу карындашым Айгүл канайымга чың ден соолук, үй -бүлөлүк бакыт каалайм!
Күрөшкерлигинен тайбасына ишенем, ал "боевая подруга " да эмеспи! "Бул күндөр да өтөт".