Бишкектин Биринчи Май райондук соту Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.
Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун чечими менен шектүүнүн ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат.
Эскерте кетсек, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Булак: Кабар