Бул тууралуу «Файнэншл таймс» гезитине шилтеме келтирип ru.euronews.com жазды.

Маалыматка ылайык, Брюссель компаниянын интернет-сатуу тармагы боюнча текшерүү жүргүзүүгө даярданууда.

«Басылма билдиргендей, Евробиримдиктин расмий адамдары Facebook менен анын атаандаштарына тиешелүү анкеталарды жөнөткөн. Анын максаты америкалык гигант атаандаштарына бут тосуп-тоспогонун, бизнес-жарыяларды жайгаштыруу эрежелерин бузуп-бузбаганын аныктоо», — деп жазат сайт.

Азырынча Facebook Евробиримдик антимонополиялык иликтөө жүргүзбөгөн жалгыз ири америкалык технологиялык компания болууда. Буга чейин Microsoft, Amazon ж.б. компаниялар текшерүүгө алынган.

Булак: Маралфм