Өткөн жумада социалдык тармактарда кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде "Ош облусунун Ноокат районундагы Чили-Сай айылында бекер таратылган бет каптардан 3 мектеп окуучусу ууланды. Бет кап тагынбаңыздар",- деген сыяктуу кайрылуу таратылган болчу.

Бирок бул маалыматтар жалган экенин Ноокат шаарындагы аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди. Анын айымында, ооруканада иштеген медайым «окуучулар бет каптан ууланган» деп, туура эмес билдирүү тараткан.

“19-май күнү саат 11:00 чамасында «ЮНИСЕФ» долбоорунун өкүлдөрү тарабынан мектептин сырттагы аянтчасында семинар өтүп жатканда 3-класстын 3 окуучусунун башы ооруп, кускусу келген. Саат 12:35 чамасында Ноокат районунун жалпы дарыгердик практикалык борборунун балдарды кабыл алуу бөлүмүнө 3 окуучу кыздын ата-энеси балдарынын көңүлү айланганынан улам кайрылышкан. Сурамжылоодо окуучулар эртең менен үйүнөн ачка келгенин, күн ысыкта өздөрүн жаман сезгенин айтышкан. Азыркы тапта алардын абалы жакшы”,-деген Марипов.

Ал кошумчалагандай, окуучулар тагынган бет кап Ноокат райондук санэпидем көзөмөл борборунун адистери тарабынан изилденип текшерилди. Натыйжада, колдонууга уруксаты бар бет кап экени аныкталды. “Чили-Сай айылынын окуучулары бет каптан ууланган деген маалымат чындыкка дал келбейт», - деди дарыгер.

Жалган маалымат тараткан медайым укук коргоо органдары тарабынан табылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бирок айыл жеринде ушул баасы арзан беткаптар да тартыш болуп, аны көп убакыт тагынып жүргөндөр да көп кездешет. Ал эми мындай көрүнүш беткапка вирустун топтолушун шарттап, уулануусу деле мүмкүн.

Булак: “Майдан. kg” гезити