Жыл сайын май айынын соңунда, мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты башталганда мектепти аяктагандыгынын 10, 20, 30 жылдыктарын белгилөө салтанаты да өтөт эмеспи. Алар адатта өздөрүн окуткан агай-эжейлерине эстелик катары белектерди калтырышат. Бирок быйыл ушул салтанаттардын ээлери мурдагы “салтты” өзгөртүшүп, ошол эжейлерине үй алып беришүүдө же башка айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечишүүдө.

Мисалы, Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылынын Ш. Абдыраманов атындагы орто мектебин 20 жыл мурун бүтүргөндөр мугалимине Жалал-Абад шаарынан үй алып беришти. Буга чейин эжекесинин үйү болгон эмес.

Ал эми Ноокат районунун Бел-Өрүк орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 150 миң сомго мектептин кире беришине тротуар курушса, Б. Атишев орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү 155 миң сомго мектептин алдын асфальттап беришти. Ушул эле райондун Тажибай орто мектебинин 20 жылдыктары мектептин алды жагына 290 миң сомго стяжка кылып беришкен.

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүргөндөр мектепке 150 түп алма көчөттөрүн отургузушту.

Мектептеги “Акыркы коңгуроо” салтанаты быйыл да он-лайн тартипте өтөөрү белгиленген. Былтыры да коронавирустук инфекциянын күчөп турган убагына байлынаштуу билим уяларындагы салтанаттар он-лайн өткөн.

Албетте, бул колдоого аларлык көрүшүн же элибиздин аң-сезими өсүп, утурумдук чыгымга жол бербей, өз айылдарынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн аздыр-көптүр кошкон салымы болуп саналат.

Булак: “Майдан. kg” гезити