Фейсбуктун Нурзат Осмонова аттуу колдонуучусу билдирүү калтырды. Анда, Москва шаарында такси чакырып, тажик улутундагы айдоочу менен сүйлөшүп калганын айткан.
"Ал менен айдоочулук күбөлүк жөнүндө сүйлөштүк. Көрсө, Москвадагы бардык тажик айдоочулары кыргыз айдоочулук күбөлүгү менен иштешет экен. Таксист Москвада Кыргызстандын айдоочулук күбөлү тастыкталаарын, ал эми тажик күбөлүгүн кабыл албай турушканын айтты. Биздин күбөлүктөрдү 200-300 долларга сатып алышат экен! Мен ал турмак Москвада канча тажик айдоочусу бардыгы тууралуу статистиканы да билем. Биздин эл аралык айдоочулук күбөлүк чет өлкөлүктөргө берилээри түшүнүктүү. Бирок текшериш керек. Кайсы бир эрежелер бар. Ал жакта схема иштеп атканына ишенем", - деп тийиштүү кызматтарды бул маселеге көңүл бурууга чакырган.