Россияда ушундай маселе каралууда. Тагыраагы, Россиянын Жаза аткаруу Федералдык кызматынын мигранттардын ордуна жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарды тартуу тууралуу сунушун өлкөнүн юстиция министри Константин Чуйченко колдоого алды. Анын айтымында, Россияда 180 миң жаза өтөөчүлөрдү жумушка тартууга мүмкүн. Бирок өлкөдө жаза өтөөчүлөр үчүн 8 миң жумуш орду гана түзүлгөн.

“Мигранттардын ордун жаза өтөөчүлөр менен алмаштыруу идеясы туура. Себеби, ири курулуштарында, ири обекттерде түзөтүү борборлорун курса болот, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын квалификациялары бар”,- деди министр.

Ошону менен бирге министр бул өтө маанилүү жана кызыктуу сунуш экенин белгиледи. Анткени, жаза өтөөчүлөр айлык алышат, коомдон ажыратылбайт, сот тарабынан аныкталган өз милдеттерин аткара беришет. Бул Россияда жумушчу орундарынын таңсыктыгы күч болуп атканынан кабар берет. Башкысы, Россия бийлигинин мындай чечими ал жактагы курулуш тармактарында иштеп жүрүшкөн биздин мигрант мекендештерибизге зыянын тийгизбесе болду.

Булак: “Майдан. kg” гезити