2021-жылдын алгачкы 3 айында Россиянын ИИМи 210 миң кыргызстандыкты каттоого алган. Бул өткөн жылдагыдан 34 миңге, ал эми 2019-жылдагыдан 12 миңге аз дегенди билдирет. Бирок каттоого алынгандардын 10унун 8и Россияга иштегени барышкандар экендиги белгилүү болду. Бул өткөн жылдагыдан 78 пайызга көптүк кылат. Ошол эле мезгилде Россияга билим алууга барган жаштардын саны да өсүүдө. Эгерде 2019-жылдын январь-март айларында 4 миң кыргызстандык барса, 2020-жылы 3,7 миң, 2021-жылдын алгачкы үч айында 21 миң кыргызстандык билим алуу үчүн барышкан. Россия жарандыгын алган мекендештерибиздин катары да артууда. 2021-жылдын биринчи кварталына карата орус жарандыгын 4 миңге жакын кыргызстандык алган. Бул көрсөткүч 2019-жылы 2 миңди түзсө, 2020-жылы 3 миңге жакынды түзгөн болчу.

Булак: “Майдан. kg” гезити