Бизде мезгил мезгили менен көчөлөрдү, райондордун аталыштарын өзгөртүү маселеси көтөрүлүп турат. Акыркы учурларда мамлекеттин аталышын өзгөртүүнү сунуш кылгандар да болууда. Бул жалпы эл тарабынан колдоого алынбай турган сунуш экенин билишсе да, ушундай маселенин көтөрүлүп туруусу өнөкөткө айланды.
Буга чейин президенттик шайлоого катышып, өзүн Путинге жакын адам катары көрсөтүүгө аракет кылган талапкер Акбаралы Айтикеев өлкөбүздүн аталышын өзгөртүп, “Кыргыз Республикасы – “Манас” деп өзгөртүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, мамлекет эпикалык баатырдын аты менен аталса, бул элдин жашоосуна оң таасирин тийгизип, Манастын жети осуяты өлкөбүздүн өнүгүүсүнө реалдуу багыттардан болот экен.
Ал мындай сунушун айткан катты президент менен ЖК төрагасына жөнөттү. Албетте, демократиялык коомдо ар ким оюна келген аталыштарды сунуштап, каалаган идеяларын таңуулай берсе болот. Бирок өлкөнүн аталышы өзгөргөндөн бир нерсе өзгөрөбү? Өлкөбүздө өнүгүү болуп кетеби? Элибиздин жашоосу оңолуп, экономикабыздын өсүп кетүүсү өлкөнүн аталышына эч кандай көз карандысыз экендигин качан түшүнөбүз, ыя?
Булак: “Майдан. kg” гезити