Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» түз эфирдеги маеги учурунда айтты.

«Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда ушул маселе тууралуу сөз болгон экен. Путин «Эгер бул каражат таасирдүү болсо, илимий негизде текшерип, коронавирус менен күрөшүүгө колдонууну карап чыгуу керек» деп айтыптыр».
Министр аконит менен дарылоо азыркы тапта уланып жатканын, каалоочуларга тундурма акысыз берилерин айтты.

Эске салсак, 16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Булак: Элгезит