Бул маалыматты “Репортёрго” аба майдандын басма сөз кызматынан тастыкташты.

“Чек ара кызматкерлери Тажикстандын жарандарын Кыргызстандын аймагына өткөрбөй, алар кайра учуп кетишти. Ал эми аба майдандын аймагында Тажикстандын жарандары калган жок”, — деп билдиришти.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 21-майдагы чечимине ылайык, Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө/чыгуусуна, жүрүүсүнө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Андан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана «Карамык» бекеттери аркылуу жүк ташууга да чектөөлөр киргизилген.

Булак: reporter.kg