Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен Улан Жураевди күнөөлүү деп таап 260 миң сом айып пул салды. Мындай өкүм 11-майда эле чыкканы 25-майда гана белгилүү болду. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Жарандык активисттер Улан Жураев менен Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен ири суммадагы акча талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Булак: Элгезит