Коронавирус пандемиясынан деле Кыргызстан эсине келген жок. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Коронавирус өлкөгө көп нерсе үйрөтүшү керек болчу, бирок Кыргызстан эч нерсе үйрөнгөн жок. Онлайн-билим берүү киргизилди, бирок билим берүүнүн сапаты ылдыйлады. Электрондук окуу китептери даярдалган жок.
Саламаттыкты сактоо жаатын алалы. 2020-жылдын июль айында канча адам каза тапты. Биз завод-өндүрүүчүлөрдөн дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды алып, ооруканаларды курушубуз керек болчу. А биз ошондой кылдыкпы? Инфекциялык оорукананын корпусун курдук, кислород берүү системасын жада калса борборлоштура албадык. Анын ордуна шылдыңдагансып уу коргошунду реклама кылдык", - деди депутат.