Печать
Категория: Коом
Просмотров: 273

Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев өзү тууралуу  уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушев менен тууган эместигин жарыялады. 

"Мен ушул убакка чейин топтогон тажрыйбаларымдын баарын элге кызмат кылууга жумшайм. Мен тууралуу айтылган кептердин баары калп. Жашоомдо бир да жолу кылмыш кылган эмесмин", - деди ал. 

Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Бокушев менен тууганчылыгы боюнча мындай деди: 

"1994-жылы мектепте мугалим болуп иштегем. Ошол убакта Алмаз Бокушев да тренер болуп иштечү. Кыргызда өкүл ата дайындоо салты бар эмеспи. Ошол жылдары мен үйлөнүп, ата-энем аны мага өкүл ата кылышты. Дагы бир жолу кайталайм, өкүл атам Алмаз Бокушев ал убакта мектепте тренер болуп иштечү. Андан кийин ар бирибиз өз жолубуз менен кеткенбиз. Эч кандай мамиле сакталган жок. Кез кезде эле жамандык-жакшылыктарда жолугуп калчубуз", - деди аким. 

Эске салсак, Турусбек Ногоев ротациянын негизинде Чүй облусунун Жайыл районунан Ош облусунун Кара-Суу районуна аким болуп дайындалды.