- Урматтуу кыргыз элим! Мына бизде кечээги кырдаал өтө оор болду. Ошол ок атышкан, адамдар жаракат алган, өлгөн жер мына ушул Көк-Таш айылы. Ошол коогалаңда элдин коопсуздугун камсыздап, күн-түн кызмат өтөгөн биздин күч органдарына, милиция кызматкерлерине, кырдаалды көзөмөлгө алып, акыбалды жайгаштырган Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Көк-Таш жана Ак-Сай айыл элинин атынан чын дилимден ыраазымын!
Мына күч органдары, милиция, чек арачылар элдин коопсуздугун сактап, ушул жерде октон, миномёттон канчасы жаракат алды... Ошол учурда бул жерге туруштун өзү ажал болуп эсептелди.. Ошого карабай, өлүмгө баш ийип, элди коргоп, жерди коргоп турганы үчүн рахматыбызды айтып коюубуз абзел.
Ошол учурда Ош, Жалал-Абад, Бишкек жана башка жерлерден кошумча күч органдары келип иштеп калышты. Алар бул жерди, бул көчөлөрдү толук биз сыяктуу билбейт эмеспи, ошол себептүү аял башым менен ок ичинде жүрүп, аларга “Бул жол менен бас, бул көчөгө түшсөң тажиктерге кармалбайсың”-деп багыт берип, алар менен чогуу жүрүүгө туура келди. Көк-Таш айылында күч органдары болбосо жашоо өтө кыйын.
Чек ара маселеси бардык жакта чечилген күндө да Көк-Таш айылында чечилбейт. Себеби, бул аймак кыргыз - тажик аралашып бир тарабы кыргыз жери, бир тарабы тажик жери болуп отурукташып жашап жатышат. Бул жердеги маселени болгону эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүп, жерлерди алмашуу жолу менен гана чече турган маселе.
Биринчиси, Головной суу сактагычы Көк-Таш айылына карайт, Баткен районуна Төрткүлдөн суу келет. Экинчиси, Лейлек районунун Аркадыр айыл өкмөтү, Самаркандек айыл өкмөтү, Ак-сай айыл өкмөтү, Ак Сайдын жерине жол ачкан эң маанилүү аймак бул Көк-Таш айылы болуп эсептелинет. Ошол себептүү тажиктер “Көк-Таш айылын эле көчүрсөк, баардык Лейлек району, Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай анклавда калат. Баткен Районуна бир тамчы суу барбайт, көлү соолуйт”-деген ой менен биздин айылга канча жылдан бери кол салып келе жатышат. Көк-Таш айылы мындай кордукту өтө көп көрдү....
Бийликке кайрылат элем мына ушул биздин айылга күч органдарын, чек арачыларды, милицияны көбөйтүп, керек болсо “спецназдарды” алып келип, айлык акыларын көтөрүп койсо. Себеп, 20 миң айлык акы менен кооптуу аймакта ким иштегиси келсин? Бүгүнкү иштеп жаткан милиция кызматкерлери да кеткиси келип эле иштеп жатышат. Көк-Таш айылы десе баары эле иштегиси келбей качышат. Өлүмгө эч ким баргысы келбесе керек. Ошол себептүү ушул кооптуу аймакта жанын оозуна тиштеп иштеп жаткан чек арачылардын жана милиция кызматкерлердин айлыгын көтөрүп беришсин.
Экинчи маселе, мына бул жерге артыкчылык статусун Бакиев да, Атамбаев да, Отунбаева да берген. Бирок, эч кандай жеңилдик болбоду. Ушул аймакта жашаган жарандарды светтен, суудан жана башка салыктардан бошотуп, пособия, пенсия деген нерселерди көтөрүшү керек. Ошондо эл да өз жерин таштап сыртка чыкпай, жерин коргоп жашай берет да. Керек болсо бул жерге завод, фабрикаларды куруу керек. Көк-Таш айылын сактап калуу үчүн, элди бүгүнкү күндө иш менен камсыз кылуу абзел. Бул жерге завод курулса эл Баткенден же башка аймактардан келип иштешет да эл саны көбөйөт эмеспи. Дагы бир айта кетчү маселе биздин үлүш жерлерибиз бар, балдарга аларды бере албай жатабыз. Алар жер жок, үй жоктун айынан да башка жакка агылып көчүп кетип жатышат. Ошол үлүш жерлерди тараткан адамдарга биротоло берсе жаштарыбызды отурукташтырып өз жерибизде, өз элибизде алып калат элек. Бүгүнкү күндө Көк-Таш айыл аймагын кармап калуу абдан оор болуп турат. Канал үстүндө биз айдоого беребиз деген жерди бүгүнкү күндө трансформациясы бүткөн эмес деп 2 жылдан бери бере албай келебиз. Тез арада ошол маселени чечип, элге айдоого бөлүп бериш керек. Тажик тополоң кылат деп алардан корко берсек анда жашоонун кереги жок. Мен аял болсом да тажиктен коркпоймун! Качпаймын! Ажалың жетсе айырма жок, бардык жерде майрамда отуруп, тойдо олтуруп, башка жакта жүрүп да өлөсүң. Ошол себептүү коркуштун кереги жок.
Биздин Көк-Таш, Ак-Сай айылынын эли чек арачы болуп, өздөрү бүт кырдаалга көнүп, октон да жалтанбай калдык. Себеби, 2013-жылдан бери атышып келе жатабыз. Илгери таш урушат элек, азыр эми түз эле атканга өтүп алышты. Эми жер үчүн атышканга да даярбыз, болгону бизди Көк - Таш айылдын балдарына курал-жарак менен документтештирип камсыз кылып беришсин. Кыргыз тарап күч органдарын алып кетүүдө, ал эми тажик тарап алып кеткен жок. Булар бүгүнкү күндө да даярданып жүрүшөт. Мен 51 жыл ушул жерде жашап, көзү ачык эле болуп калдым, буларды кол салбайт деп ишенип коюуга болбойт. Бул жердеги тажик жарандарынын оюн жүз пайыз билип турам. Алар азыр аркага кайтпайт, кайтат деп убара болбогула, ишенбегиле.
Мен жогору жактан суранам! Күч органдарын алып келип, чек араны коргоп берсин! Болбосо, жергиликтүү элди курал-жарак менен камсыз кылсын, эл өз жерин өзү коргоп алат.
Ал эми күч органдарынын кайратына, бизди коргогонуна, кыйын кырдаалда артка кайтпай иш алып барганына ыраазымын!