Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жакында көйгөйлүү маселелер чечилмейинче Тажикстан менен мамлекеттик чек арадагы кыймылды токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Бул тууралуу ал Ош облусунун Чоң-Алай айылынын тургундары менен жолугушуп жатканда айткан.
"Чек ара маселеси бүгүнкү күндө баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Аны чечүүгө болгон аракеттер жумшалып жатат. Сөзсүз чечебиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү менен бирге биз чек аралыбызды бекемдөө максатын койдук. Ал үчүн чек арачыларыбыз үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Мамлекеттик чек араларды бекемдөөдө жергиликтүү эл да маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан, баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам", - деген Марипов.