Печать
Категория: Коом
Просмотров: 270

Блогер Назира Айтбекова учурда Өзбекстанда жүрөт. Ал көргөн билгени тууралуу буларды жазды:

- Өзбекстанда 4 күн жүрдүк. Сапар карыды. Бабур Тольбаев балдардын футболдук командасы менен блоггерлерди чогултуп, кыргыз - өзбек бир туугандыгына салым кошолу, дагы бекем достошолу, тажрыйба алмашалы, бири бирибизди жакшыраак тааныйлы деген максатта баардык чыгымын көтөрүп эс алдырып келди!

Аябай жыргап, дүйнөбүз өзгөрүлүп, көңүлүбүз ачылып келди. Бүгүн өзбек блоггерлер менен кечки тамактын үстүндө жолугуп, таанышып, пикир алыштык.

Эми жыйынтык. Байкагандарым менен бөлүшөйүн:

1. Өзбекстандан таштанды издей берип эсим ооду. Ушундай таза өлкө экен! Кырып - жышып турушат экен.

2. Аштын миңден ашуун түрү бар экен. Баарынан дагы Наманганда жеген аш эстен тандырды! Өмүрүмдө оозумда ээриген күрүч жеген эмесмин!

3. Кыргызстандын номери кадалган унаалар мн жүрдүк. Ар бир постто жакшылык тилеп, кубанып узатышат экен. “Кимсиң, эмнеге келдиң, паспортуңду көргөз, акча төлө!” дебейт экен!

4. Бизди корейлерге окшоштуруп , жыргап атышты.

5. Ташкентте эле 4 миллондон ашуун адам жашайт экен. Сырттан киргендерди кошкондо 5 миллионго жакындайт экен. Жолдору кенен, жапжарык, сонун инфраструктурасы бар, тартип орнотулган шаар экен. 4 миллионду кычырата багып, өстүрүп койгон үчүн чычалап кеттим. Бир өлкөнү бириктирсең , араң 6 миллион чыгаарыбызды унутпайлы. Чычалаардан мурун!

6. Кыргыз менен казактардын кыздары, жигиттери сулуу экенине дагы бир жолу ынандым! Биз өзүбздү аябай карап, сүлкүлдөп турат экенбиз. Сыймыктандым

7. Адамдары аябай сыйчыл келет экен. Ороңдогон эч ким жок. Көчөдөгүлөр токтоп алып эле жардам бере беришет экен. Жөнөкөйлүгү жакты!

8. Кудай бизге ченебей эле бейишинен кесип туруп “Ме! “ деп эле берген экен. Кудайдын эси жок , эң эле эрке баласы биз окшойбуз. Баркына жетпегенибиз, жаратылышты акыр - чикирге толтурганыбыз , сууну сыйлабай, көрүнгөн жакка чачканыбыз, бириге албаганыбыз, оңой албаганыбыз зээн кейитти! Кудай сактасын, бирок кийин ушинтип оптонуп атып, өлкөнү тарттырып ийе турган болсок, мээңди гана ташка чаап, бармагыңды тиштемек түгүл, жеп - жутуп койгондой абалда болосуң го!

9. Нарындан келген сууну көрүп алып өзүмдү өлө кожоюн сездим! Өзбектин жеринде өз билемдик кылып, кенен - кенен бастым го, чиркиндики! Суу башчысы болгондун баркын карачы?!

10. Сөз эркиндиги, элдин эркиндиги болуп көрбөгөндөй байлык экенин сездим!

11. Ырас эле Светтик өлкө экенбиз! Аябай сыймыктандым!

12. Эмнегедир биздин аялдар акылдуу, эркин, бактылуу сезилди!

13. Блоггерлер менен жолукканда ажосун мактап атышты. “Инвесторлорго аябай басым жасап, ошолорду көбөйтүү менен өлкөнү өнүктүрүп атат “ дешти. Анан “ мурун “крутой “ машина көрсө ошлну баса калышып, сыгышып, налог салышып кууратышчу. Байыгандан эл коркчу! Азыр жаңы Президент тескерисинче өскөндөрдү кубаттайт “ дейт. Азыр мыкты машиналар көбөйүп калгандагысы экен. Биз Жигулилерди эле көрүп аттык. Биздин эл чын эле бай экен деген бүтүмгө келдик! В шоколоде жашайт экенбиз. Өкмөтүңдүн эле өлүп калганы болбосо!

14. Булардын эли эмгекчил келет экен! Бак - шактары кыдырата тизилип, баары орду менен экен. Биздикиндей жаратылышы болсо, эчак зыңкыйтмак!

15. Спортко басымды укмуш жасашат экен. Актердору Голливудда киного тартыла башташыптыр. Блоггерлери биздин миллиондорду укканда чалкасынан кетти. Ал жактан алдыда экенбиз.

16. Интернет Кыргызстанда кенен - кесир өз үйүндө жүргөндөй жүрөт экен да. Бул жактан интернет Алымкан экен. Бир күн оору, бир күн соо!

17. Орус тилин биз эле оптонуп сүйлөбөсөк, бул жакта алгачкы орунда өз тили турат экен. Улуттук баалуулуктары, этно колорит сакталып калган үчүн өзгөчө, кызыктуу көрүнөт экен. Европа болуп таң калтыра албайбыз! Биз улутубуздун өзгөчөлүгүн, баалуулугун алып чыгуу менен башкаларды тарс жыга алабыз!