Бул тууралуу альпинисттин машыктыруучусу Александр Абрамов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Эверест 1” командасы эң бийик чокуну багындырды. Азыр ылдыйга түшөбүз. Аба ырайы жаман эмес. Бир аз шамал болуп жатат. Команданын курамында рекорддук көрсөткүчкө жеткен биринчи кыргыз жана израилдик бар”.

Эдуард Кубатов «Жети чоку» экспедициясынын курамында Эвересттин 6550 метрлик чекитин багындырган.