Печать
Категория: Коом
Просмотров: 268

- Акыркы күндөрү эч нерсеге аралашпай өз иши менен алек болуп жүргөн Айгүл эжени да сөзгө аралаштырып, каралоо күч алды. Чынында мен билген Айгүл эже кирдүү кол менен кармагыс, үй бүлөсүн көздүн карегиндей сактаган, коломтонун отун өчүрбөгөн   мээнеткеч, сабырдуу, акылдуу, жылдыздуу айым. Айгүл эже менен баарлашуунун өзү ырахат. Дүйнө жыйыш керек деп жулунуп, жулкунбайт. Жашоонун ырахаты үй - бүлөң менен чогу баарлашып, төрт көзүң түгөл санаасы жок дасторкон чекесинде даам сызуу деп түшүнөт. "Укум-тукумга жете турган байлык топтоонун кажети жок, керек болсо балдарың өздөрү топтоп алат. Болгону, билимден гана акчаңды аяба. Жараткан пендем десе, мен тарткан азапты эч ким тартпасын дейт. Кыскасы, ниети ак, жүрөгү таза, адамгерчилиги бийик Айгүл эжебизди  түрдүү жол менен каралагандардын максаты ишке ашпайт. Эл жалган маалыматка эмес, жолдошунун ысык-суугун бирге тарткан, кеменгер, акылман аялга ишенет. Айгүл эжени каралагыча жараткан ошондой жубайга туш кылсын,  ушундай ыймандуу, мээримдүү  келин берсин деп тилеш керек. Аялды каралоо -ааламды булгоого барабар иш экенин түшүнүш керек.

Чынайым Кутманалиева