- Айгүл эже  биринчи  кезекте  мыкты  өмүрлүк  жар. Жолдошуна  күйүмдүү  жубай. Баардык  нерседе  өмүрлүк  жолдошун  бийик  койгон  кыргыздын  аялзаты. Айгүл  эженин  чыдамкайлык, сабырдуулук менен басып  өткөн күрөшчүл  жолу  баарына  үлгү. Эң мыкты  асыл сапаттарды, жөнөкөйлүк  мүнөзү менен  каарман  айым  катары  коомчулук баалайт.  Койнунда котур ташы  барлар  Айгүл эженин атын  ыпылас  оюндарга  аралаштыруу  аракетин  кылып  жатышат. Бирок  мындай   амалдар  ишке ашпайт. Себеби  Айгүл  эже  көп  нерсени  бийик кармаган адам. Эжеге чаң  жугуза  албайсыңар.  Бул   кылганыңар  алсыздыгыңардан  гана  кабар берет. Жаратканым  бул  нерсеңерге  өзү тараза.

Элнура Кулуева