"Биринчиден, Садыр Жапаровго Сингапурдай болгон өлкө мураска калган жок. Экинчиден 30 жылдан бери беш Президенттин түбүнө жеткен өлбөс-өчпөс кландардын тамырлашкан мафиясы дагы буту-колун бууганга аракет кылып жатышат. Үчүнчүдөн каяктагы бир жасалма ватс апптагы перепискаларды,  Казахстанда кармалып каттоого алынып жаткан акчаларды арамзалык менен чыгарып,  алардын баарын Садыр Жапаровго жана үй-бүлөсүнө жалаа катары колдонуп жатышканы жүрөктү айлантат экен! 

УКМК ошол жалааны токуп чыккандарды дагы кармап темир тордун жытын жыттатып койсо жакшы болмок.  

Азыр Президентке жана анын үй-бүлөсүнө обужок асылгандын убактысы эмес! УКМК чара көрүңүздөр! 

Душманыбыз колтугубузда канын бүркүп турганда өлкөнүн символу болгон Президенттин жубайын,  балдарын кошуп каралап, табалап отурган туура эмес! 

Кыйынсыңарбы,  машайыксыкарбы,  көрсөт программаңды! Көрсөт өлкөнү саздан чыгарган укмуш идеяларыңды! Бир казанда башы кайнабаган карт шакалдар менен кооз сүйлөгөн жаш шакалдары,  токол шакалдары тажаттыңар!" - деп жазды журналист Асейин Саралаев соцтармактагы баракчасына.