"Бул чектен чыккандык! Аспековдор өтө эле чектен чыгып баратышат. Президентке асылганы аз келгенсип, эми биринчи айымды каралоого өтүштү. Тийешелүү органдар каякты карап отурушат? Шантаж, алдоо жолдору менен өөнөгөн акчалары үчүн жоопкерчиликтен ушундай жолдор менен кутулууну көздөп жатышабы?" - деп жазды журналист Мирлан Дүйшөнбаев соцтармактагы билдирүүгө пикир калтырып.
Эске салсак, президенттин жубайы Айгүл Жапарова тууралуу соцтармактагы ар кандай калп маалыматтар тарап жатат. Ага коомчулук терс пикирин билдиришүүдө. Көпчүлүк бул Садыр Жапаровдун учурдагы болуп жаткан аракеттерине, коррупцияга каршы күрөш, "Кумтөр" алтын кенин доого жыгуу сыяктуу чуулгандуу иштерди баштаганына карата каршы тараптын жасаганы деп кабыл алып жатышат.