Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

Бул тууралуу маалыматты кечээ, 20-майда Россиянын Бажы кызматы расмий сайтына жарыялады.

«Россиянын Бажы кызматы, Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн топ Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу Афганистан, Иран, Пакистандан Батыш Европага мыйзамсыз героин ташууга каршы күрөшүү боюнча бир катар ийгиликтүү операцияларды жүргүзүштү.

Тактап айтканда героинди 200 килограммдан бөлүп, Голландияга жеткирүүгө аракет кылган эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Героиндин биринчи 4 партиясы кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 810 кг героин алынды.


Ошондой эле героинди ташуучулар, көмөктөшкөндөр жана контрабандага жол уюштургандар кармалды. Алардын ичинде Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары бар.

Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата Россия Федерациясынын Жазык кодексинин 229.1-беренесинин 4-бөлүгү (Уюшкан топ тарабынан баңгизаттарды ири көлөмдө контрабанда жолу менен ташуу) 2 кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жаза каралган.

Европа Биримдигинин аймагындагы буюртмачыларды жана героинди алуучуларды жоопко тартуу үчүн орусиялык укук коргоо органдарынын кызматкерлери Европадагы кесиптештерине биргелешкен иш-чараларды уюштуруу сунушу менен кайрылган. Биргелешип иш алып баруу үчүн бардык шарттар түзүлсө дагы, Европадагы кесиптештер ыкчам жооп бербегендиктен мындан аркы ишти улантуу мүмкүн болбой калды. Муну менен Европанын жарандарына героин ташуу коркунучу сакталууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош облусунда 440 кг героин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

   

Булак: Баракелде