Роза Айтматова баштаган турдун мүчөлөрү «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жолу менен» деген ураандын алдында жүрүшкө чыгып, Түптүн Санташ айыл аймагындагы «Ак кемедеги» Момун чалдын үйүндө болуп кетишти, деп билдирди аймактык кабарчы.
Ош, Нарындан келген жана Ысык-Көлдөн кошулган топту КРнын эл артисти Назира Мамбетова жетектеп жүрдү. Алар «Ак кеме» повестиндеги Момун чалдын үйүнүн жанына келип, сүрөткө түшүштү.
Назира Мамбетова: «Ак кемедеги» Бекейдин, «Ашуудагы» Кадичанын ролдорун аткарып, ушунча даражага жеттик. Дүйнөгө таанылган “Ак кеме” повести жаралган үйдүн Чыңгыз ага менен Момун чалдын көзү өткөндөн кийин жетимсиреп калганы кабырганы кайыштырат. Өнүккөн өлкөлөрдө белгилүү адамдардын калемсабын туристтерге даңазалап, өлкөсүн таанытуу менен каражат таап жатышат. Ал эми биздечи… Даяр турган тарыхый баалуулукту барктай албай жатабыз», — деп көзүнө жаш алды.
Кыргыз генералы Аджике Кутманалиевдин кызы Жыргал Аджикеева да Н.Мамбетованын айтканын коштоду.
«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тасма болуп тартылган жерлерди кыдырып келе жатабыз. Бардык жерде эле колдон келген камкордуктарын көрүп коюшкан. Мен быйыл буюрса чет мамлекеттерден туристтерди чакырайын, «Ак кеме» жаралган жерди, Момун чалдын үйүн көрсөтөйүн дегем. Такыр уят болмок турбаймынбы…», — деп ойго батты.
Бирок Сары-Тологой айылынын жаштарынын Момун чалдын үйүн иретке келтирүү үчүн атайын долбоору иштелип жатканын, Санташ айыл өкмөтү менен Түп райондук мамлекеттик администрациясы колдоо көрсөтөрүн уккан меймандар өзүлөрү да колдон келген жардамдарын бермей болушту.
Булак: Элгезит


