Турмуш басылмасынын аймактык кабарчы Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакировдон дал ушул жайдын абалы боюнча сурап көрдү.

М.Бакиров эгер жергиликтүү бийликтен иштетүү боюнча конкреттүү пландар болсо, тийиштүү тараптар менен бирге карап көрүшөрүн айтты.

«Элдик» ишканасынын жетекчиси Максат Жээнбековдун айтымында, Көк-Жаңгактагы дачаны айыл өкмөткө өткөрүп берүү же 15 жылдык мөөнөткө ижарага сурап жаткандарга берүү варианты турат.

«Биз жөн эле жаткан жерлерди айыл өкмөттөргө өткөрүп берүү боюнча Мүлк фондуна сунушубузду жөнөткөнбүз. Анын ичинде К.Бакиевдин сиздер сураган Көк-Жаңгактагы дачасы да бар. Муну жер аймагы боюнча алып караганда, Кара-Алма айыл өкмөтүнө карайт экен. Ошондуктан ушул айыл өкмөткө өткөрүп берүүнү туура көргөнбүз. Бизде каражат жоктугунан иштете албайт экенбиз. Ошол жай эффективдүү иштесин, ички туризмде өнүгүү болсун деген ой болуп жатат. Эгер жергиликтүү бийлик да иштете албаса, ижарага сурагандар чыгып жатат. Балким 15 жылдык мөөнөткө ижарага берүү каралат. Эң башкысы жөн эле талкаланып, тонолуп жаткан абалда кармап тура бербестен, пайда келтирүү жагын карашыбыз керек», — деди ал.

Ал эми Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы Ойротбек Анарбаев айыл өкмөткө өткөрүп берүү сунушу боюнча кабары жок экенин, эгер аларга сунуш келсе, колдой турганын айтты.

«Дача биздин аймакта турат. Ал жайды айыл өкмөткө өткөрүү сунушун колдойбуз. Бул ички туризмди өнүктүрүүгө да чоң кадам болмок. Айыл өкмөт башчы катары жеке керт башым менен жоопкерчиликти алмакмын. Албетте, биздин депутаттар колдомок деп ойлойм. Биздин казынабызга да киреше түшмөк. Негизи андагы жайдын талкаланган кейиштүү абалы жергиликтүү элдин да нааразычылыгын жаратууда», — деди ал.

Буга чейин 2014-жылдын 3-июнунда Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын тескей тоо арасында жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакиевге караштуу дача талкаланган бойдон жатканы маалым болгон.

Дачага кире бериш жердеги үч боз үй кулап, экөө кароосуз турат. Ошондой эле 2 кабаттуу кеңсенин эшиги менен терезелери талкаланып, көчө баштаган. Жанындагы мончо менен жайкы сөөрүлөрү жана эс алуучу жайлар да бар. Боз үйдүн ичи мал сарайга айланып, эс алууга түзүлгөн бардык шарттар бузулган. Бул жайга Жалал-Абад облусунун ар тарабынан келген эс алуучулардын саны арбын.

 

Булак: Элгезит