Печать
Категория: Коом
Просмотров: 303

"Чакырган чайына барбай койсоң, же колтугуна конбой койсоң, өч ала башташат айрым мырзалар. 40 тан тайып элүүгө жөргөлөп бараткан эле килейген кишилер карасаң. Кылыгы кенедей баладай. Менден кантип өч алышат анда комузумду колго алып, айтып берейин:

Чиңгил -чиңгил...

1. Биринчи категориядагылар статусума “какать” этип кетишет. Элге укмуш ыймандуу көрүнүп алгандарын кантейин?! Купуя катка келген катын айтпай эле коеюн!

Фантазия фонтан! Жеңем андай өнөрүн өмүрүндө көрбөсө керек!

2. Кийинки категориядагылар жалаң эркектер топтолуп отурганда жамандайт. Болбосо, “Колтугума киргизип, колдонуп көрдүм, андай экен , мындай экен “ деген сөздөрдү чыгарышат. Ашып кетсе, бир чыны чай ичкендирсиң. Бирок сөзүндө Данияр Жамиляны оонаткандай эле Чыңгыз агаман ашып түшүп, көркөмдөп, сөздүн гүлүн терип, айтып берет!

3. Кийинки категориядагылар чыгармачыл жактагы агаларым. Килейген эле кишилер. Чоң ата деле болуп калышты. Долбоорлордон чийип салып, жаман оюнда “Кто хозяин?” дегенди көргөзүп алышат!

Советтер союзу ушундай интригант, чын тийбес, сөз көтөрө алгыс, руханий жактан тайыз , комплекске кокосунан көмүлүп калган, өзүнө ишенбеген, чычалаганда чычып ийген немелерди тарбиялаптыр! Майдаланып баратасыңар, агаларым! Бийиктикти үйрөнүп, өзүңөрдү тарбиялагылачы, байболгурлар!" - деп жазды Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына.