"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурунку башкы директору Василий Дашкова бүгүн УКМКга суракка бармакчы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.
Чакыруунун себеби көрсөтүлгөн эмес.
Эскерте кетсек, бүгүн атамекендик ЖМКларда Дашкованын бүгүн кармалып, коррупцияга шектелип УКМКга жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган.
Бирок УКМКнын басма сөз борбору пайда болгон маалыматты тастыктаган жок.
"Жок, биз аны кармаган жокпуз" деди Vesti.kg сайтына УКМК.
Булак: vesti.kg