Печать
Категория: Коом
Просмотров: 69

Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы “К.Н.” карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59,5 млрд. сом өлчөмүндө акча каражатын өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча “Х.К.Л.” жана “У.И.Ш.” аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, “Х.К.Л.” жана “У.И.Ш.” Кытайга чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине мыйзамсыз которуу максатында, банк мекемелерине акча каржатарын чогултуп бергендиги аныкталды.

Азыркы учурда аталган коррупциялык схеманын уютуруучуларын жана башка бир адмдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, бул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмышка шериктеш 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичке издөө иштери улантылууда.

Булак: Маралфм