Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Бөлтүрүк Centerraнын директорлор кеңешинин курамына өткөн жылдын декабрь айында “Кыргызалтын” ААКтан талапкер катары кирген.
Ошондой эле, компания Бөлтүрүктүн эл алдында билдирүүсүн териштирип жатканын маалымдаган.
Эскерте кетсек, кечээ Теңиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп, өзүнүн ээлеген кызматынан кетип жатканын билдирген.
Булак: Кабар