Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 98 160 000 сомдук 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин (азыркы мэрия) 1996-жылдын 22-августундагы мыйзамсыз буйругу менен аталган шаардан 4 гектар болгон жер аянтын «А.» аталышындагы ишкерлер ассоциациясына менчик катары автосервис куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.

Булак: Баракелде