Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев тууралуу маалымат жарыялады. Анда ал учурдагы депутаттын мыйзамсыз баюусун ачыктаган.
"Бир топ жарандардан 5 000 000 долларды алдап алып, баарын чыркыратып качып кеткен Ибраев Данияр деген жигиттин атасы депутат Ибраев Самат. Ал азыр Жапаровдун ишенимдүү адамына айланып, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген комиссиянын ичинде активдүү болуп, Кыргыздын тагдырын чечимиш этип жүрөт. Ал жакында Бишкектеги Улуттук китепканага директорлукка жубайын, Иманкулова Нуржан Рахимовнаны дайындатты. Бул жубайлар 2018-2020-жылдар аралыгында баласы Данияр аркылуу 5 миллион доллардан ашык акчаны элден алдап чогултуп, бир топ объектилерди сатып алып байышкан", - деп жазган Үмөталиева.
Андан ары көп адамдардын көз жашына забын болгон Данияр Ибраевге качан эле издөө жарыяланганын, кийинчерээк Болгарияда кармалганын белгилеген. Экс-депутаттын айтымында, ал эчак Кыргызстанга этап менен алынып келинмек. Бирок бул жерде акча роль ойноп, Самат Ибраевдин тамыры күчтүү болгондуктан, ички иштер жаатында ага өйдө карап сүйлөй турган эч ким табылбаган.
"Анткени, пара деген бар. Депутаттын жубайы Иманкулова сотторду тоготпойт. Бир дагы сот отурумуна келбейт. Карыз тууралуу сөз болоору менен Самат Ибраев да, жубайы Нуржан Иманкулова да "ооруп" калышат. Акчасын алдыргандар чыркырап, атасынын ашын бере албай калышты. Булар болсо беш маал намазга жамынып, эң кымбат Фрунзе комплексине окшогон элиталык үйлөрдөн алып, балдарын эң бир кымбат чет өлкөлүк мектептерге окутуп жатышат. Алданган элдин көзүнөн кан төгүлүүдө, а булар болсо кымбат ресторандарда элдин тагдырын чечимиш болуп жүрүшөт. Жапаровдун да тагдырын чечип калышпаса болду... Буларга Аллахтын да алы жетпейт го...
Самат акебиз болсо, өзүнчө эле "отдел кадр", жакындарын ишке орноштуруу менен алек. Орноштурганда да жөн эмес, акчаны тымызын алып турушса керек.
Улуттук китепканада баасы миллион доллар турган китептер жоголду деген имиштер аз эмес. Ал жердеги кээ бир китептердин наркы миллион долларды чапчыйт. Керек болсо, дүйнөдө жок Куран китептер бар эле. "Апостол" деген баа жеткис китеп алмашып кетти деп чыркырагандар да бар. Ал китептин баасы ондогон миллион доллар. Ошондой жооптуу жерге Самат Ибраев жубайын жөн жерден алып барган жок... Ошондой эле, китепкананын мурдагы жетекчисинин да башка ишке көтөрүлүп кетишинде сыр бар...
"Саякбай" фондун түзүп, улуу атабыздын атын сатып, меценат болумуш болуп жүргөн бул үй-бүлө өз баласын шылуундук менен байыганга түрткөн. Эмнегедир С.Жээнбеков менен С.Жапаровго эң керектүү профессионалдарга айланганынын артында жашырылып турган көп сыр бар го... Өз баласынан байлык артык болгон депутат кимди жыргатат?.." - деп жазган Токтайым Үмөталиева.