Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Centerra Gold Inc`тин директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Айта кетсек, ал бүгүн компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кете тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын аталган компания Петров көлүнөн 5 млн куб метр таза сууну колдонуп келет. Ал 5 млрд литр сууга барабар.

Бөлтүрүк Centerra Gold Inc сууну колдонуу боюнча ар кандай сандарды берип келгенин белгилеп кетти.

Булак: Кабар