УКМК "Кумтөрдүн" жетекчилигине карата кылмыш иши козголгонун Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кумтөргө" байланыштуу төрт кылмыш иши бар. Анын бири компанияга кошумча жер тилкелерин берүү боюнча, ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата ачылган иш. Салык котормолору жана айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды пайдалануу боюнча эрежелерди бузуу негизиндеги да иштер бар", - деди Ташиев.
Ошондой эле, компаниянын жетекчилигине карата да кылмыш иши ачылды. Анда келишимге кол койгон бардык аткаминерлердин жоопкерчилиги каралат.
"Андан сырткары "Кумтөрдөн" колдоо алган депутаттарга карата да кылмыш иши бар. Бул сөз жүзүндөгү айыптоо эмес, конкреттүү айып менен конкреттүү кылмыш иштери", - деди УКМКнын төрагасы.