Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Анда «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралышы мүмкүн. Ошондой эле президент Садыр Жапаров да катышып, «Кумтөр» боюнча пикирин билдирет.
Эске салсак, 12-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия жыйын өткөрүп, анда Канаданын «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганы айтылган.
Ошондой эле «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан 11-майда чыгып кеткени белгилүү болгон.
Булак: Маралфм