Кыргызстан эли жапа тырмак тажик баскынчыларына каршы аракет көрүп, бардык күч-аракеттер Баткен тарапка бурулуп жатканда бир ууч топ саясатчылар уялбастан Бишкектеги абалды чайпалтууга, бийлик непадам алсызданып кетсе, төңкөрүш кыла коюп, бийликти басып алууга абдан аракет кылышты. 

Бул максатта реваншисттик күчтөр 1-майда Өкмөт үйүнүн астына жалданма адамдарды алып чыгышып, Баткендеги кырдаалды шылтоо кылып, “Бизге курал бергиле, Баткенге алып баргыла” деген талаптар менен абалды чайпаганга умтулушту. Автобустарды айдап келип, "военкоматка алып барабыз, отургула", -дешсе, жаа бою качкандарын жамы журт өз көздөрү менен көрүштү. 

Эми бул чагымчылдыкты ким уюштурду деген суроо туулат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бул жерде бир канча саясатчылардын кызыкчылыктары бириккен. 

Булар - Мадумаровдун, Сегизбаевдин, Атамбаев жана Сапардын, Текебаев менен Сыймык Жапыкеевдин үчүнчү фронттору кошулганын тастыктап турат.  Ошондой эле, “Чүй ынтымагы” деген бирикменин мүчөлөрү дагы бул митингдерге өтө активдүү катышканы белгилүү болду.  Митингчилер Баткенди шылтоо кылымыш этип, Өкмөт үйүн басып алууга бир нече жолу аракет кылышкан. 

Булардын "идейщиктери"  жана жең ичинен уюштуруучулары ЖК депутаттары Канат Исаев, Бакыт Жетигенов болушкан.  Жетигенов, А.Мусакеев жана Чүй ынтымагынын башка активисттери күнүгө Чүй элине ифтар уюштурушуп, тополоң болуп кетсе дароо кошула калууга даяр экендиктерин ачыктан ачык айтышкан.  Эми бул бирикменин активисттери Орозо бүткөндөн кийин кайрадан митингдерге чыгышат экен, баягы эле Баткенди шылтоолоп.  Ким күнөөлүү, ким жооп берет деген теманы алып чыгаары белгилүү эле да. 

Мындан тышкары, кызматка жетпей жүргөн “красный” менен “черныйлардын” кызыкчылыктары биригип жатат. Мисалы, Рафик Мамбеталиев ИИМге министр болуп баргысы келсе, аны бул кызматка ОПГ мүчөсү Алмаз Бокушев түртмөлөп жаткан имиш.  Рафик Бокушевдин жардамына муктаж болуп калса, иштин бүткөнү экен деп муну уккандар түкүрүнүп жатыптыр.  Ал эми Мадумаровдун кызыкчылыгы айдан ачык болуп турбайбы! 

Ал дал ошол 1-май күнү Бишкектин чок ортосунан коммунист Исхак Масалиев менен жолугушуп, алдыдагы пландарды, бийликти алыштын айла-амалдарын талкуулашкан.  Экөөнүн тарапташы, өзгөндүк Амантур Манапбаев деген киши митингдин активдүү катышуучусу болуп, ошол күнү эски аянтты удургутуп жүргөн, бийликти басып алууга үндөп. 

Мындан тышкары, ошол эле митингде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан кетирүү талабы менен жана өлкөнүн президентине ишенбөөчүлүк көрсөтүү чакырыктарын “Тынчтык” деген партиянын Бишкек шаар кеңешине талапкери Байматов Урмат деген да жүрдү.  Ошентип, тышкы душмандан да ички душмандардын чыккынчылыгы, чагымчылдыгы кооптуу болуп турат. 
Кыргыз деген бийлик дегенде сырттан жоо кубалап келатса да, ич ара чабышып өтөт го. Ушинтип чабышып, тартышып жүрсөк, биз сырткы душмандарга туруштук бере албайбыз.  Кеч болуп кете электе ойлонолу...