“Ичтен чыккан ийри жыландар” 1-майда бийликти басып алуунун репетициясын жасашты.  Бардык күч-аракет сырткы душмандарга, баскынчы тажиктерге каршы көрүлүп жатканда, төңкөрүш жасоо аракетине баарыбыз күбө болдук. Реваншист саясатчылардан дагы кызматка жетпей жүргөндөр күйгүздү.  Учурда “красный” менен “черныйлардын” кызыкчылыктары биригип жатканы каңкууланууда. Мисалы, Рафик Мамбеталиев ИИМге министр болуп баргысы келсе, аны бул кызматка ОПГ мүчөсү Алмаз Бокушев түртмөлөп жатыптыр. 

Рафик Бокушевдин жардамына муктаж болуп калса, иштин бүткөнү экен деп муну уккандар түкүрүнүп жатат.  Ал эми Бокушевге болсо милиция органдарын өз кишиси башкарганы пайдалуу эмеспи.  Орозо бүткөндөн кийин пландалып жаткан төңкөрүш, митингдерге булар да кошулуп алышы турган иш.  Тышкы душмандан да ички душмандардын чыккынчылыгы, чагымчылдыгы кооптуу болуп турат.  Туруксуздукту, ызы-чууну каалап, элди тынч жашатпаган наадандарга мамлекеттин бүтүндүгү деле бир тыйын экен.  Тиешелүү органдар катуу иштеп, мындай наадандыкты алдын алуусу керек!