Мамбеталиев Рафик Соорбекович

Жакында эле Кыргызстандын чек арасындагы  тажиктер менен болгон жаңжал кыргыз элин биримдикке чакырып, ынтымактуу болууга үндөп, ички интриганы токтотууну коомчулук суранып жатышты. 

Анткени, Кыргызстандагы абал тууралуу Тажикстандын экс-министри сын тагып, буга чейин интернет булагына жарыялаган эле. Сыртта душмандар  кол салып турганда ички ынтымагыбызды бекемдейли деген элдин  каалоосуна каршы турган айрым топтор пайда болду. Кыргызстан коркунучка кабылып турган кезде кайгыдан да пайда издеген өзүбүздүн ички душмандар чыкты.

Алар “колубузга автомат бергиле, иштей албаса, бийлик кетсин!” деген шылтоо менен митингге чыгышты. Ансыз да  элеңдеп, кайгыга батып турган элдин тынчтыгын алышып, баягы ит адаттары менен митингге чыккан, башаламандык уюштургандарга эл наалат гана айтышууда.

“Баткенге барып, элимди коргойм, канымды жанымды берем, курал бергиле!” деп кыйкырып кооз сөздөрдү айткан “патриотторго” акыры унаа алып келип, Баткенге алып кетели дешсе, артын карабай качышты!  Алардын бул кылыгы менен кыргыз элине эле эмес, дүйнө жүзүнө шылдың болдук. Биздин ошол кездеги душмандарыбыз тажиктер “кыргыздар коркок” дешип, ошол жалган патриотчулардын итчилигин кайра-кайра интернетине чыгарып жатышты. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, ошондой митингге чыккан “кумалактар” кыргыз элинин аброюна шек келтиришти. 

Кыргызстандын башына иш түшүп турганда  бийликке акаарат айтып басып алалы деген топтордун арасында өмүр бою милиция кызматында иштеп, азыр ишсиз отурган  Рафик Мамбеталиевдин да башы кылтыйды.

Чоң кызматка отургусу келген Рафик Мамбеталиев буга чейин эле ИИМ министри кызматын алууга көзүн кызартып, ортого чүйлүк жердештерин,   кадыры бар тааныш генералдарды салып жатканы коомчулукка маалым болгон. Бирок мактанчаак, ала көөдөн, туруктуу позициясы жок, оомо  Рафик мырзанын колунан мындай чоң кызматты алып кетүү келбешин  укук коргоо  органдарындагы бардык кызматкерлер билишет экен. Эгер чындап  эле ишине  ийилип, ак ниеттен кызмат кылса ал эчак эле чоң кызматтарга көтөрүлмөк. Бирок алабарман, мактанчаак, калп менен чынды койгулаштырган кесиптешин ИИМ жакын жолоткон эмес.

Өзүнүн мындай жоругун Рафик Мамбеталиев билбейт окшойт, кыргыз элинин башына кыйын иш түшүп турганда митинг уюштуруп, ызы- чуу болуп кетсе ИИМ министри болуп калайын деген максаты бар  экени ачык эле билинип турду. Дагы бир кызык жери, аны ОПГнын мүчөсү катары коомчулукка таанымал Алмаз Бокушев түртмөлөп жатыптыр. “Кызылдар” менен “каралар” биригип, бийликти басып алып, Кыргызстанды каалагандай калчайлы дегенби?

Кыскасы, өмүрүн милицияга арнаса да патриоттуулук эмне экенин билбеген  Рафик Мамбеталиев сыяктууларды ИИМ жакын жолотпош керек.

Эскерте кетсек, өткөн октябрь айындагы митингде да  министр болгусу келип жүргөн Курсан Асанов  бир күн ИИМ министри боло калды. Ал бир күндүк министр кызматы учурунда ММКларга ар бир баскан кадамын айтып, жаздырып, мактанып, пиарлаганга коротту.  Бирок бир күндөн кийин эле аны өзүнүн эле кесиптештери кууп чыгышты, акыры  сурак да берди. Андыктан, элдин кайгысынан  пайда издеген Рафик Мамбеталиев сыяктуулардын да сурак берчү күнү алыс эмес.